Кытайда 4 жаштагы кыз чач байлагычты колуна тагып жүрүп, ал этине кирип кеткен

Кытайда 4 жаштагы кыз жарым жыл бою чач байлагычты колуна тагып жүрүп, ал этине кирип кеткен. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Аньхой провинциясынын жашоочусу билерик катары чач байлагычты колуна тагып жүргөн. Ал чоң атасы, чоң апасы менен жашаган. Ата-энеси акча табуу үчүн башка провинцияда иштеп жүргөн.

Кичинекей кыз январь айында колу ооруп, кыймылга келбей жатканын айткан. Бирок чоң атасы менен чоң энеси небересинин шишиген колун көргөнү менен, эч кандай чара колдонгон эмес. Кыздын ата-энеси мындай кабарды уккандан кийин дароо келип, ооруканаларга кайрылган. Бирок бир нече дарыгерлер кыздын колун көрүп, эмне болгонун айта алган эмес.

Акырында ультра үндүү эхографиядан өткөндөн кийин дарыгерлер кыздын колунда чач байлагыч бар экенин аныкташкан. Ошондой эле чач байлагыч колдун этинде жарым жылдан бери жүргөнүн айтышкан. Так аныктама чыккандан кийин хирургдар чач байлагычты 30 мүнөттүн ичинде алып салышкан.

Учурда кыздын абалы канааттандырарлык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bazana
2018-04-29 19:54:41
Ой бечара наристе ((
+10
AzKumFerDan
2018-04-29 20:04:43
Ии кытайда адамдын саны ушунча көп болгондугунан кишинин кадыр баркы жок
+7
Snejana
2018-04-29 21:40:52
Байкуш, жарым жылдан бери жуунбай жургону окунучтуу.
+6
Rifle_I
2018-04-30 01:09:08
Менде мындай окуя болду. Бутунун бармагына чач оролуп калып, ичине кирип кетиптир. Шишип кеткенде гана байкап калып алып келишти.
-1
UmsunaiTem
2018-04-30 01:17:42
Кытайлар не деген адамдар. Балдарынын шымынынын аласын кесип коюшат экен сийип чычканда озу эле булганбай чыгып кете тургансын. Ушунчалып палит болушат экен. Озу буларга 1 ден эле балалу болгонго уруксат бериш керек. Балалу болушу болуп алып кадырын билишпейт.
+3
kuba1983
2018-04-30 02:33:58
Тоба кылдым. Ушунча болгучакты ата энеси караган эмеспи эмне?
+2
rejepova
2018-04-30 05:10:19
Резина кысып журуп, этке батып кеткен экенда байкуш бала
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан