Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшүп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-апрелде саат 23:20лар чамасында Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Mercedes-Benz жана Lexus үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен Lexus үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 2 жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
“Учурда жаракат алгандардын абалы туруктуу, кырсык болгон учурда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталды. Унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тиешелүү документтер тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.