"Газпром нефть Азия": Жашыл жаз-2018

Апрель айында "Газпром нефть Азия" компаниясынын бардык объектилеринде жыл сайын өткөрүлчү ишембиликтер өттү. Мындай иш-аракеттерди компания салтка айландырып алган жана ал компаниянын объектилерине жакын аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө багытталган.

Өткөрүлгөн ишембиликтердин алкагында компаниянын кызматкерлери тарабынан роза гүлүнүн 240, дарактын 46 жана бактуу тосмонун 1 миң 520 даана көчөтү отургузулду.

Айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо - "Газпром нефть Азиянын" стратегиялык приоритеттеринин бири. Мындан тышкары "Коопсуздук жана экологияга кам көрүү" - Корпоративдик кодекске киргизилген негизги баалуулуктардын бири.

Аталган компания жыл сайын ишембиликтерди өткөргөндөн тышкары, Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду да демилгелеп келет. Мындай масштабдуу долбоорлордун бири - шаардагы Апсамат Масалиев көчөсүнө Нефть жумушчуларынын аллеясын орноткондугу болду. Мындай аллеяны "Газпром нефть Азия" өткөн жылдын октябрь айында "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын жардамы менен ачкан.

Маалымат үчүн:

"Газпром нефть Азия" ЖЧКсы - 2006-жылдын август айынан тартып Кыргыз Республикасынын рыногунда мунай каражаттары менен иш алып барган "Газпромнефттин" сатуучу ишканасы.

Компания мунай каражаттарынын жана көмүр суутектүү газдын дүңүнөн жана чекене сатылган рыногундагы эң ири операторлордун бири болуп саналат. "Газпромнефтинин" менчик май куюучу жайлары аркылуу ишкана ЕВРО-5 экологиялык стандарттарга жооп берген мунай каражаттары менен иш алып барууда.


кошулду
"Газпромнефть Азия": Жашыл жаз-2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан