Бүгүн, 21-июнда Октябрь районунда “Компьютер генийлери” деп аталган рейд жүргүзүлөт. Бул иш-чара жашы жете элек балдардын кылмышка баруусун жана мыйзамды бузуусун алдына алуу максатында уюштурулуп жатат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд саат 20:00дө башталып, 8-9-10-кичи райондордо компьютердик клубдарда болот. Текшерүү Октябрь райондук администрациясынын, Октябрь РИИБинин, Балдардын иши боюнча шаардык комиссиясынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.