О! Мобилдик оператору "Донор болуп, башкаларга өмүр тартуула" акциясына катышты

Донордук кандын жетишсиздиги – Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү маанилүү көйгөй болуп саналат. Анткени статистика боюнча ар бир үчүнчү киши өмүрүндө бир жолу кан куюуга муктаж болот. Бул маанилүү көйгөйдү түшүнүү менен О! Мобилдик операторунун кызматкерлери Республикалык кан борборунун муктаждарга жардам берүү үчүн Донор күнүн уюштуруу сунушун кубануу менен кабыл алышты.

3-майда компаниянын башкы офисинде бул маанилүү акция ишке ашты. Көчмө станция эртең мененки саат 10:00дөн баштап алгачкы кан берүүнү каалагандарды кабыл алууга даяр болду. Компаниянын кайдыгер карабаган кызматкерлери иш-чарага активдүү катышты: чечкиндүү жана социалдык-жоопкерчиликтүү 44 эркек менен аял кызматкерлерибиз 5 сааттын ичинде 20 литрге жакын кан тапшырышты.

Белгилей кетсек, канды ар ким ар кандай себептер менен тапшырат. Бирөөлөргө өз кан айлануусун калыпка салуу жана жалпы организмди “силкинтүү” ыкмасы болсо, кээ бирөөлөр үчүн жүрөк-кан тамыр, иммундук ооруларынын, ошондой эле ашказан жана уйку безинин дарттарынын алдын алуу болуп саналат. Бирок көпчүлүгү канды чын ниетинен адамдарга жардам берүү максатында беришет. Анткени донорлук – бул муктаждарга бекер жардам бере турган айрыкча кайрымдуулук болуп саналат.

Бул маселе боюнча өзүнүн ойлору менен компаниянын кызматкери Фархад Низамов бөлүштү: "Мен үч же төрт жыл катары менен кан берип келем. Мындай кан тапшыруу абдан ыңгайлуу, анткени эч жакка баруунун кереги жок. Сенин каныңа бирөө муктаж болуп каларын, бирөөнүн өмүрүн сактап каларыңды эч качан билбейсиң да! Балким, чын эле сен болуп калышың мүмкүн, а балким, сенин туугандарың болуп калат. Баса, менин канымдын тобу биринчи, резус факторум оң (0 (I) Rh+), мындай топ көп кездешет жана көптөгөн кишилерге керектелет".

"Биз О! компаниясынын бардык донорлоруна чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күнгө чейин, тилекке каршы, "кызыл алтынды" толук кандуу алмаштыра турган затты табыла элек. Эч бир канды алмаштыруучу зат өз өзгөчөлүктөрү боюнча тирүү кишинин канына жакын да жолобойт. Ошондуктан адамдардын өмүрүн сактап калууда донорлордун ролу баа жеткис болуп саналат! Канды тез-тез тапшырып туруңуздар – бул коркунучтуу эмес, оорутпайт дагы! Буга кошумча, биз, албетте, донордук ден соолук, жогорку гемоглобин жана мыкты маанай каалайбыз!" - деп Республикалык кан борборунун көчмө бригадасынын башчысы Гүлмира Жакыпбаева өз пикири менен бөлүштү.

Сиз дагы ушул жакшы акцияга кошулууну кааласаңыз, Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна кайрылыңыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан