Бишкектен батир жана Феррари уткуңуз келеби? "Имарат Строй" жооп берет

2018-жылдын 4-май күнү бир гана бишкектиктер үчүн гана эмес, жалпы кыргыз эли үчүн тарыхый дата болду десек жаңылышпайбыз. Анткени ушул күнү өлкөдөгү алгачкы Феррари үлгүсүндөгү италиялык спорттук унаанын бет ачары болду. Ушул Феррари 458 Италия жана Рено Степвей үлгүсүндөгү заманбап тулпардын же даяр батирдин ээси болуу мүмкүнчүлүгү ар бириңиздерде бар. Ал үчүн эмне кылуу керектигин “Имарат Строй” компаниясынын аткаруучу директору Данияр Иманалиев кеченин катышуучуларына айтып берди.

“Бүгүн сиздер үчүн жаңы 4 комплекстин долбоорун сунуштап жатабыз. Биринчиси - бул Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Имарат Резорт” дүйнөлүк стандарттарга жооп берген уникалдуу эс алуу борбору. Анын өзгөчөлүгү бир гана жайкы сезондо эмес, жыл бою иштей тургандыгында. Бул борбор спорт, спа жана тоо туризми багыттарында иш жүргүзмөкчү.

Экинчи долбоор - бул Англия стилинде курула турган “Манчестер” комплекси. Ал Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашмакчы. Дагы бир долбоор борбор калаанын “жүрөгү” Эркиндик бульварында курулуп жаткан “Гранвиль” комплекси. Бул турак жай француз стилинде курулууда.

Ошондой эле жаш үй-бүлөлөр үчүн “Тумар” комплексин куруп жатабыз. Анын өзгөчөлүгү – баасынын кол жеткидей болгонунда жана батирлердин оңдоо иштери даяр болуп берилгендигинде. Кыскача айтканда, биз ишти бүтүрүп, ачкычты беребиз, жаш үй-бүлө даяр батирге келип жашай берсе болот.

“Имарат Резорт”, “Манчестер” же “Гранвиль” комплекстеринин биринде батир сатып алган үй-бүлө Феррарини утууга мүмкүнчүлүк алат. Курулуп бүткөн “Империал” же “Алтын Булак” турак жайлардын биринде батир сатып алган үй-бүлө жаңы бир бөлмөлүү батирдин ээси болуп калуусу мүмкүн. Ал эми “Тумар” комплексинен батир сатып алган жаш үй-бүлөлөр Рено унаасын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, - деди Иманалиев.

Кеченин жүрүшүндө Италияга жолдомо, кол саат, зер буюмдар да ойнотулуп, өз ээлерин табышты. Омар, Бегиш, Баястан жана башка белгилүү эстрада жылдыздары жана Улуттук консерваториянын опера ырчылары ырдап, конокторду шаңга бөлөштү.

Маалымат катары: "Имарат Строй" компаниясы 1996-жылы негизделген. 21 жыл ичинде 200дөн ашык объект куруп, арасында мектептер, ооруканалар, социалдык мекемелер бар.


кошулду
“Имарат Стройдон” батир сатып алып, өлкөдөгү алгачкы FERRARI унаасын утуп ал!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
WISH
2018-05-07 12:11:05
Мен айына 15-25 миң сом айлык алам. Ошондо дагы үй ала албайт экем. Өтө эле кымбат. Аман эле болсун биздин система.
+13
akylbek.kg
2018-05-07 13:15:33
Феррани айдаганга бизде жол жокго)))
0
Batma.Sh
2018-05-07 18:05:19
Мен үй алганга акчам жетпей жүрөм.
+5
States
2018-05-07 18:15:58
Жон эле пиар
+2
gulzat85
2018-05-07 18:33:48
Кол жеткиз кыялданып журо берели.байлар алып кайра эле байлар утушат да
+8
Asan123
2018-05-07 19:36:09
Мен учун асмандагы айдай эле жанлык
Ферарини жонокой адам минет беле
Утса дагы налогу коп чыгым
Акчасына чомулуп жургон бир бай утат да
+3
Daak9091
2018-05-07 20:21:13
Мага бир 4 сотых эле жер жетет эле
+2
ady-88
2018-05-08 09:45:49
Шаардан этаж уй эмес чуйдон жер там ала албай жургондордун арасында мен да бармын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан