"Бишкек-Тойота" борборунун салтанаттуу ачылышында Toyota Camry-70 үлгүсүндөгү унаа утушка коюлду

Дүйнөлүк брендге айланган "Тойота" компаниясынын унааларынын жана Лексус үлгүсүндөгү машиналардын сүйүүчүлөрү үчүн Бишкекте кубанычтуу саамалык болду. Тактап айтканда, Максим Горький көчөсүндө "Тойота-Бишкек" дилерлик борборунун ачылыш аземи орун алды.

Эми өлкөнүн жашоочулары унаа индустриясындагы эң көрүнүктүү бренд болгон Тойота менен Лексустун жапжаңы унааларын дилерлик борбордон сатып ала алат. Мындан тышкары машинаны оңдоо, текшерүү бардык талаптарга жооп берген заманбап шартта жургүзүлөт. Буга чейин 6 жылдан бери дилерлик борбор иштеп келген, эми ал жаңы, 5000 чарчы метр аянтты түзгөн кенен жерге көчүрүлүп, расмий дилерлик борбор катары ачылды.

“Бизге келгендер адегенде эле дүйнөлүк жаңы стандартка ылайык шоу-рум залынан борбордогу унаалар тууралуу маалыматтарды алып, көрүп таанышат. Борбор унааларды сатуу менен гана чектелбейт. Бардыгы автоматташтырылган шартта унааларды оңдоо, сырдоо, керектүү бардык тетиктер менен камсыздоо менен да иш жүргүзөт. Унаа ээлерине ыңгайлуулукту түзүү үчүн мында кафе-бар, акысыз интернет, балдар аянтчалары да каралган”, - деди борбордун техникалык директору Денис Стрелков.

Күнүнө 100гө жакын унаа ээлерине кызмат көрсөтө ала турган бул борбордо 100дөй жумушчу иштейт. Алар Лексус жана Тойота унаалары боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн атайын тиешелүү окуулардан өтүшкөн. Бардык унааларга 3 жылдык кепилдик берилет.

"Тойотанын" унаалары бизде аз эмес. Ишенимдүү, расмий дилерлик борбордон кызмат алуу айдоочулар үчүн ыңгайлуу”, - дешти борбордун ачылышына келгендер.

Борбордун ачылыш аземи салтанаттуу өтүп, ага 1200 адам катышты. Алардын бири борбор тарабынан ойнотулуп жаткан утуш - Toyota Camry-70 унаасына ээ болот. Ачылыш аземге Япониянын Кыргыздагы элчиси Ямамура Ёсихиро, япониялык "Тойота" компаниясынын өкүлү, Казакстандагы “Тойота-Мотор” борборунун президенти Кит Симмонс жана "Бишкек-Тойота" борборунун башкы директору Айбек Дүйшеев катышып, сөз сүйлөштү. Өз кезинде Дүйшеев ачылыш аземге келгендерге ыраазычылык билдирип, дилерлик борбор мындан ары да кардарларга жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүнү улантарын айтты.

Андан соң келген коноктор күткөн утуш оюндары башталды. Концерттик программа, кызыктуу оюндар коштогон кечеде негизги 3 белек каралган. Алар: iPhone 10 смартфону, “Oro” брендинен кымбат баалуу кол саат жана Toyota Camry-70 унаасы.

Оюндун жүрүшүндө бул белектер өз ээлерин тапты.

“Мен ишенгем, бүгүн борбордун ачылышына келе жатканда эле унаа меники болушу керек деп келдим. Өзүмдүн билетимдин номерин жатка билсем да, алып баруучу номерди айтканда көпкө чейин кайталап карап, ишенбей жаттым. Кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм. “Тойота-Бишкек” борборуна рахмат”, - деди Дурумбекова.

"Тойота-Бишкек" борбору япондордун меймандостугу менен кардарларга бардык стандарттарга жооп берген кызматты көрсөтүүгө даяр. Жаңы дилерлик борбордун дареги: Горький көчөсү №1. Бардык суроолор боюнча, +996 312 510 855, +996 701 510 855, +996 772 510 855 номерлери иштейт.


кошулду
"Бишкек-Тойота" борбору салтанаттуу ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2018-05-08 10:25:33
мен ишенгенмин, унаа меники болот деп келгенмин.
-1
Daak9091
2018-05-08 10:31:02
Мен ишенгем унаа менинки болоруна анткени ал унаны озум мурун эле акчасын толоп сатып алгам деп айтып ала жаздаганго
+16
titanik32
2018-05-08 15:16:19
Тойота камиринин акчасын төлөп,документин тууралап коюп ментишенгем деп ишеничтүү келди да.Тойота борборун ачып жаткан адам да жинди эмес чыгар,биринчи эле иш баштаарда жаңы машинени бирөөгө берип коюшту.
+4
Hacker99
2018-05-08 17:13:04
Кызыык мен жактырган машина Альтеза да бар бекен?
+1
mirkaa5182
2018-05-08 17:29:33
Тойота мага жаккан машина, өкүндөп өсө бер тойота
+2
mirkaa5182
2018-05-08 17:29:49
Өркүндөп
0
Artinbek
2018-05-09 01:25:23
Бизге да насип этсин салондон алып мингенге а туугандар.көтөрөлү билекти,Кудайым берсин тилекти.
+1
Jelezo
2018-05-09 09:39:47
Уткан машинаң насип кылсын жакшылыктарга минип жүрө бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан