АКШлык абитуриент 113 университетке окууга өттү

АКШлык 17 жаштагы абитуриент Жасмин Харрисон 115 жогорку окуу жайга документ тапшырып, анын ичинен 113 университетке өткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Харрисон АКШнын Түштүк Каролина штатындагы мектептердин бирин эң жогорку балл менен жыйынтыктаган. Анын айтымында, ал өлкөдөгү жогорку окуу жайларга интернет аркылуу арыз таштаган.
"Апам экөөбүз күн сайын түнгө чейин ар бир окуу жайга арыз жазып, аларды кайрадан текшерип, бир топ уйкусуз түндөрдү өткөргөнбүз. Ал эми жооптор келе баштаганда анын баарын заматта унутта калтырдык окшойт. Чынын айтсам, ушунча университеттен чакыруу келгени күтүүсүз болду", - деген ал.
Ошондой эле көп окуу жайдын ичинен бирин тандоо оор болгонун, ошентсе да медицина жаатында билим алууну көздөгөн ал "Беннетт" колледжин тандаганын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURTILEK_KG
2018-05-07 18:39:17
Мм жакшы
0
Dembele84
2018-05-07 18:40:28
Акселстен жогорку окуу жайга тест тапшырыш биринчи бизден башталган болчу.156 балл алып биринчи турда эле беш талонду тен Инфак,медфак,юрфактарга таштап бирине да бюджетке отпой калгам.Классташтарым экинчи учунчу турларда 136,141,144 баллдары менен ошол эле окуу жайларга бюджетке отуп кетишкен.Короче лохонулся по полному))))))
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан