O!Store фирмалык дүкөндөрүндө атайын арзандатуулар

"Белектерди тартуулаган, аларды алгандан да жагымдуурак" деп бекеринен айтылбаса керек. O!Store дүкөндөр тармагы бул сөзгө толугу менен ынангандыктан, бардык кардарлар үчүн түрдүү акцияларды жана майрамдык арзандатууларды дайыма уюштуруп келет!

Бардык O!Store дүкөндөрүндө сиздин мобилдик телефонуңузга аксессуарлардын ичинен керектүүсүн сатып алуу абдан ыңгайлуу, ассортименти абдан көп, жалпысынан алганда - бул жерде мобилдүү болуу үчүн бардык нерсе бар! Бул сапар Юнусалиев проспектиси, 177/2 дарегиндеги "Beta Stores 2" соода борборунда жайгашкан O!Store фирмалык дүкөнүндө бардык кардарларды 2018-жылдын 7-майынан 20-майына чейин бүт аксессуарларга 20% АРЗАНДАТУУЛАР күтөт.

Ал эми эртең, 8-майда кечки саат 18:00дө "Beta Stores 2" соода борборундагы O!Store дүкөнүнүн кардарларын дагы бир жагымдуу сюрприз күтөт. У шул эле күнү, балансты толуктап, смартфондорду же аксессуарларды жагымдуу сатып алууларды жүргүзүү менен дүкөндүн кардарлары чексиз экрандуу LG Q6a 2017 жаңы смартфондун АКЫСЫЗ ээси болуу шансына туш болушат! Бул телефондун кызыктуу "фишкасы" бар – ал кишинин жүзүнөн тааный алат! Аны кармаганга да ыңгайлуу жана бир кол менен эле башкарса болот. Смартфон nanoSIM форматындагы SIM-карталар үчүн эки слотко жана бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү microSD эс тутум картасы үчүн бөлөк слотко ээ. Кеңири форматтуу маңдайкы ‒ 5 Мп жана тарткан сүрөттөрдүн мыкты сапатын камсыздай турган негизги ‒ 13 Мп (вспышкасы жана автофокусу менен) камералары бар.

Өндүрүүчү фирмалардын расмий кепилдиги берилген смартфондордун башка моделдери да сатылат. Эскерте кетсек, бардык смартфондорду байланыш кызматтарына 50% арзандатуу менен насыяга сатып алса болот. Мисалы, LG Q6a 2017 смартфонун насыяга сатып алганда айына минималдуу төлөмү болгону 1424 сомду түзөт. Ошондой эле мындай сатып алууну жол-жоболоштурууда документтердин минимум топтому талап кылынат: паспорт жана айлык акы тууралуу маалым кат же жеке ишкердин патенти.

"Бета Сторес 2" соода борборундагы дүкөндүн иштөө графиги: 10:00дөн 21:00гө чейин тыныгуусуз жана дем алышсыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Djumahmatov
2018-05-08 16:23:24
Айлык акы тууралуу маалым катты алып салсанар болбойбу? Башка магазиндерде паспорт менен эле сатып жатышатко?
0
Djumahmatov
2018-05-08 16:28:14
Клиент дагы кобоймок, сатып алган адам дагы башыны оорутуп журмок эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан