Шахмат ойногон адамдар башкаларга салыштырмалуу 7 жылга узагыраак жашайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, австралиялык окумуштуулар шахмат оюну менен алектенген 16 миңден ашык адамдын жашоосун изилдөөгө алышкан.
Изилдөөгө гроссмейстер наамын алган шахматчылар жана 1950-жылдан тартып 2016-жылга чейин Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алгандар катышкан. Окумуштуу Филип Кларктын атайын изилдөөчүлөр тобу 30 жашында гроссмейстер наамын алган адамдар орто эсеп менен 53 жаштан өтүшөрүн, ал эми шахмат менен алектенбеген адамдар орто эсеп менен 46 жашка чыгышарын аныкташкан.
Адистердин айтымында шахмат ойногондордун 7 жылга узагыраак жашашы алардын дайыма интеллектуалдык оюн менен алек болгондугу жана спортчу катары алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан баш тарткандыгы себеп болушу мүмкүн экен деп билдиришкен.