Googlе`дун үн жардамчысы телефон аркылуу сүйлөшүүнү өздөштүрдү. Эми ал сизге ассистент болуп берет. Тагыраагы, ал сизди чач тарачка каттатып, сиз үчүн ресторандан алдын ала орун алып коёт. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Googlе компаниясынын жетекчиси Сундар Пичаи Калифорниядагы I/O конференциясында "Google Duplex" жаңы функциясын көрсөттү. Жаңы функция сизге виртуалдык ассистент болуп бере алат. Мисалы, бул функция аркылуу сиз ресторанга буюртма берүүгө же чач тарачка жазылууга үн жаздыруу аркылуу тапшырма бере аласыз. Ал эми аталган функция калган ишти өзү бүтүрөт.
Конференцияда Сундар Пичаи "Google Duplex" функциясы аркылуу аны чач тарачка жазып коюусун суранган. Ал эми ассистент чач тарачка чалып, администратор менен сүйлөшкөн. Ошондой эле компания жетекчиси жаңы функция сиз бара турган жерге жеткенде белги берерин кошумчалаган.