Ыйык Рамазан айынын урматына 12-майда “Рамазан - жан дүйнөнүн майрамы” аттуу уникалдуу, масштабдуу иш-чара болот. Бул тууралуу “Умма” ислам журналынын редакциясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, мындай саамалык Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында (10-кичирайон, Түштүк Дарбазалары) саат 17:30да башталат. Аталган иш-чаранын эшиги шаарыбыздын бардык тургундары үчүн ачык жана акысыз.
Иш-чаранын программасында балдарга жана чоңдорго арналган кызыктуу сынактар, викториналар, белгилүү ырчылардан ыр белек, акындардан поэзия, түрдүү улут өкүлдөрүнөн куттуктоолор, кооз нашид, чыгыш барабанында кол ойнотуу, Muslim Art мусулман фото-арт көргөзмөсү, Борбор Азиядагы мыкты дизайнерлерден каллиграфия жана леттеринг боюнча акысыз мастер-класстар, акысыз мехенди уюштурулат.
Мындан тышкары жан дүйнө майрамына келгендер Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү дин аалымдарынан орозого байланышкан бардык суроолорго жооп ала алышат.
Ошондой эле туура тамактануу, дени сак жашоо образын жүргүзүү боюнча кеңештер, креативдүү фотозоналар коюлмакчы. Иш-чарага балдарыңызды да ээрчитип келсеңиз болот, анткени уюштуруучулар кичинекей коноктор үчүн да кызыктуу өзүнчө бурч даярдаган.
"Бул иш-чара коммерциялык мүнөздө өткөрүлбөйт. Биздин башкы максат - шаар тургундарына позитивдүү, майрамдык маанай түзүү болуп саналат.
Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог үчүн көпүрө болуп, достук мамилелерди чыңдоого, маданият алмашууга түрткү берет. Аталган иш-чара журнал тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүүдө. Өзүнө тынчтык, позитивдүүлүктү камтыган уникалдуу долбоор тургундар тарабынан жылуу кабыл алынып келет", - дешет уюштуруучулар.
Бул идея "Умма" журналынын Оштогу ыктыярчылары жана демилгелүү жаштарына да абдан жаккандыктан, былтыркы жылы алгачкы жолу Ошто да өткөрүшкөн. Бул жылы да аны салтка айлантып 12-майда Алымбек Датка атындагы сейил багында саат 17:30да уюштурганы турушат.
Эскерте кетсек, Бишкекте иш-чара 12-майда саат 17:30да Д.Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багында (10-кичи район, Түштүк дарбаза) өтөт. Байланыш телефону 0554 65 77 75.