Польшада Варшава шаары менен Познанды бириктирип турган унаа жолунда суюк шоколад жүктөп келе жаткан унаа кырсыкка кабылып, 12 тонна суюк шоколад жолго төгүлүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, айдоочу эки жолду бөлүп турган барьерди сүзүп алган. Жыйынтыгында унаа оодарылып, ичиндеги 12 тонна шоколад суюктугу жолго төгүлгөн. Ал эми айдоочунун колу сынып, ооруканага жеткирилген. Жолго төгүлгөн шоколад бат эле кургап калгандыктан, аны тазалоо иштери кыйынга турган. Мындан улам, өрт өчүрүүчү кызматкерлер унаалары менен жолго кайнак суу чачып тазалоого аргасыз болушкан. Алардын айтымында суюк шоколадды тазалоо карды тазалоодон бир топко кыйынчылык туудурган.