Бакай Банк ачык акционердик коому кызыкдар болгон тургундарга коммерциялык насыяларын берүү кызматын сунуштайт. Банктын ишмердүүлүгүнүн бирден бир артыкчылыгы - кардарлар менен болгон тыгыз кызматташтык, насыянын узак мөөнөткө берилгендиги. Жеке жарандарга банк насыяны сом менен да, кааласа чет элдик валюта менен да бере алат.
Насыя берүүнүн максаттары:
* Айландырып жаткан акчаны көбөйтүү (товар айландыруунун көлөмүн өстүрүү);
* Негизги маанилүү каражаттарды сатып алуу (жабдыктар, автоунаа, кыймылсыз мүлк - бизнести өнүктүрүү үчүн);
* Инвестициялык максаттар (курулуш жана коммерциялык мүлктөрдү оңдоо);
* Башка банктагы көйгөй жаратпаган насыяларды жабуу;
* Иштеп жаткан бизнеси барларга керектелүүчү насыялар;
Насыялар боюнча үстөк пайыз орто эсеп менен:
Коммерциялык насыялар: Кыргыз сому жана АКШ доллары менен берилген кредиттер боюнча (KGS,USD) 20-26%;
Евро менен берилген кредиттер боюнча (EURO) 19-25%;
Насыя 24 ай мөөнөткө берилет;
Бакай Банкта коммерциялык кредиттердин 5 түрү бар: "Экспресс кредит", "Чакан кредит", "Чакан кредит +", "Смолл кредит", "Корпоративдик кредит". Бүгүнкү күндө эң көп суроо талап көп болуп жаткан - "Чакан кредит +" насыясы.
Бизнести өнүктүрүү үчүн "Чакан кредит +"насыясы
Шарттары:
* Кыргыз сому менен берилген учурда - жылдык үстөгү 21-25%дан башталат (эффективдүү үстөк пайыз 24.06%дан баштап), рубль менен алган учурда жылдык үстөгү 18-21%дан (эффективдүү үстөк пайыз 20,43%дан баштап), АКШ доллары менен алган учурда жылдык үстөк пайызы 14-18%дан (эффективдүү үстөк пайыз 15,77%дан баштап), евро менен алса 13-15%дан (эффективдүү үстөк пайыз 14.61%дан баштап), Кытай юаны менен жылына 17-20%дан (эффективдүү үстөк пайыз 19,18%дан баштап), теңге болсо жылдык үстөгү 18-21%дан башталат (эффективдүү үстөк пайыз 20,43%дан башталат).
* Кардар бардык документтерди алып келгенден кийин насыяны берүү, кароо 10 күн;
* Насыялар сом, доллар, жана евро менен берилет;
* Эгер кардар жүйөлүү себептер менен насыянын шарттарын өзгөрткүсү келсе, банк ал үчүн өзүнчө шартты коюп бере алат.
Мөөнөттөр:
* Башка капиталды толтуруу үчүн: 3 айдан 36 айга чейин;
* Негизги каражаттарды сатып алууга же инвестициялык максатта болсо: 3 айдан 60 айга чейин ($).
Суммасы:
Артыкчылыктары:
* Үстөк пайыздын көлөмүнүн аздыгы;
* Насыяны төлөөнүн графигин тандоо мүмкүнчүлүгү;
* Арыздарды аз убакыттын ичинде карап чыгуу;
* Документтердин аздыгы, ашыкча эч нерсе талап кылынбайт.
Бакай Банктын башка насыяларынын түрү менен http://www.bakai.kg/ru/corporate/credit/ сайтынан таанышсаңыз болот.