2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын биринчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыктады. КГКда үч айда 100 миң 220 унция же 3117,19 килограмм алтын өндүрүлүп, 1,97 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2018-жылдын биринчи чейрегинде 100 миң 220 унция алтын өндүрүлгөн (салыштырууга: 2017-ж. ушул мезгилдин көрсөткүчү 1 миллион 27 миң 400 унция).

Өндүрүштүн төмөндөшү фабрикада Сары-Төрдөн алдын ала кампага топтолгон жарды кен иштетилген, ал эми өткөн жылы ушу мезгилде фабрикага борбордук карьердин №17-участогунан келип түшкөн байыраак кен иштетилгени себеп.

2018-жылдын I чейрегинде 1 миллион 169 миң 19 унция, же 3,64 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-жылдын биринчи үч айында 153 миллион долларды түзгөн.

Кыргыз Республикасынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2018-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,97 миллиард сомдон ашты.

2018-жылга прогноз

Кумтөр ишканасында 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 450-500 миӊдей унция же 14,15-15,55 тонна болмокчу. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор ар бир сатылган унциясына 733-815 доллар өлчөмүндө күтүлүүдө. Кумтөрдө 2018-жылы жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) 63 миллион доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Негизги фондуларды колдоого 49 миллион доллар көлөмүндөгү чыгымдар негизинен оор тоо-кен техникасынын капиталдык ремонту жана алмаштыруу менен байланышкан (42 млн доллар). Кумтөрдөгү өнүктүрүүгө жумшоолор 2018-жылы 14 миллион доллар суммасында пландалууда жана көбүнчөсү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулушу менен байланышкан (9 млн доллар). 2018-жылы карьерди иштетүүдөгү кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2018-жылы жалпысынан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга бөлүнгөн 168 миллион доллардын ичинен 122 миллион доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Башкы кызмат адамынын комментарийи

«Центерранын» Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Пери 2018-жылдын биринчи чейрегинин натыйжаларына мындай комментарий берди: «Мен биздин Work Safe - Home Safe коопсуздук программасы менен компаниянын бардык өндүрүштүк бөлүмдөрү камтылганын билдирүүгө кубанычтамын жана эми биз иш орунундагы нөлдүк травматизм маселесин чечүүгө чыгабыз. Биз эмитен эле эмгектин коопсуздугу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруудан алгачкы оң натыйжаларды көрүп жатабыз: 2018-жылдын 11-апрелинде Кумтөр кен ишканабыз көрүнүктүү көрсөткүчкө жетишти - ал бүт жыл бою 6 миллион адам - саатына убактылуу эмгеккке жөндөмдүүлүктү жоготуу менен бир да травмасыз иштеди».

Пресс-релиз толугу менен www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү @kumtorgold

@KumtorKG


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jaazira13
2018-05-18 17:01:34
жабалы дегендерге тушунбойм
+1
Belekus
2018-05-22 00:27:40
jaazira13,тушунуп башты орутпайле кой
0
Belekus
2018-05-22 00:28:13
жылдын аягында 6-8 млрдга чейин жетет болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан