Ар бир бейтаптын каалоосун эске алган "Флебоцентр" сизди варикоздон оңой арылтат

Сизге азыр операция жасашты да, дароо үйүңүзгө чыгарылдыңыз. Андан да кызыгы операция жасоо үчүн скальпель колдонулбайт, демек, операция жасалган жериңизде эч кандай так да болбойт. Мындай заманбап, ыңгайлуу кызматты сиз Бишкектеги "Флебоцентр" медициналык клиникасынан ала аласыз.

"Флебоцентр" - варикоз жана башка вена ооруларын дарылоого багытталган, Кыргыз өлкөсүндөгү адистештирилген жалгыз клиника. Анда ооруларды аныктоо жана венанын варикоздук кеңейүүсүн, веналык тромбозду дарылоо заманбап ыкмада жүргүзүлөт.

Аталган клиникада 2 айым, 2 мырза врач-флебологдор иштейт. Мындай тандоо кээ бир бейтаптардын диний көз карашынын сакталуусуна өбөлгө түзөт. Маселен, "мага аял дарыгер операция жасаш керек" деген аялдар болсо, алардын тандоосу сөзсүз түрдө эске алынат.

"Бизге бир канча жолу дин жолунда жүргөн аял бейтаптар келди, көпчүлүгү эркек дарыгерлердин операция жасоосун каалай беришпейт. Биз бул учурда бейтаптын каалоосун, көз карашын сыйлап, аларга аял дарыгерлер операция жасайбыз. Ошол эле учурда эркек дарыгерлерден дарыланууну туура көргөн мырзалар бар, анда аларга мырза кесиптештерибиз кызмат көрсөтөт", - деди клиниканын врач-флебологу Фатима Текеева.

Клиниканын врач-флебологтору Фатима Текеева жана Айгүл Кубанычбек кызыФлебоцентр кандай ыкмаларда дарылайт?

* Эндовазалдык лазердик коагуляция (жарыкка кактап дарылоо) - дарылоонун бул ыкмасын Кыргыз өлкөсүнө 2011-жылы “Флебоцентр” клиникасынын хирургдарынан турган топ киргизген. Жарыкка кактап дарылоо ыкмасында бейтаптын операция жасалуучу жерине гана наркоз берилет жана ал жери кесилбейт. Кичинекей тешикче аркылуу гана варикозду алып салат.

* Склеротерапия - варикоздон жабыркаган тамырга атайын ичке ийнелүү склерозантты пайдалануу менен жаракатты алып салуу.

* РЧА термокоагуляция - айымдардын көпчүлүгү варикоздун өзүнөн эмес, бул оорунун кесепетинен денеде пайда болгон майда кан тамырлардын “жылдызчаларынан” түйшөлөт. Бул ыкма менен "жылдызчалар" жок кылынат.

"Варикоз көпчүлүк учурда төрөгөн аялдарда кездешет. Алар балдарынан көп күнгө алыста боло албайт. Биз операция жасагандан кийин эле дароо үйүнө чыгарабыз, бул балалуу аялдар үчүн абдан ыңгайлуу. Мындан тышкары иш планы өтө тыгыз болгон адамдар бар, кээде бейтаптар түшкү тамактануу учурунда келип, операция жасатып кайра жумушка кетишет. Экинчиден, биз денени кеспейбиз, дарылоодон кийин денеде так болбойт, бир эле учурда 2 бутту тең дарылайбыз", - деди клиниканын врач-флебологу Айгүл Кубанычбек кызы.

Ооруну аныктоодо жабдыктар башкы орунда турат. Буга байланыштуу "Флебоцентр" Германиянын дүйнөлүк практикада колдонулган "Biolitec" компаниясынын жабдыктары менен камсыздалган. Дарылоо үчүн да аталган компаниянын жабдыктары пайдаланылат.

“Флебоцентр” клиникасынын байланыш телефондору: 0 (312) 30-03-03;

0 (556) 87-03-03; 0 (706) 87-03-03. Дареги: Москва көчөсүнүн Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жеринде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aszyma
2018-05-21 10:43:01
Операция акчасыны да ачык эле жазыныздарда. Канча акча менен баруу керек.
Кийин кайра пайда болбойт деп кепилдик бере аластарбы? Жооп алып бериниздер. Суранам...
+5
Alina1984
2018-05-21 13:53:45
Жазатайын дейм бирок акчам жок
0
Artyr1994
2018-05-21 14:16:53
Акчасын жазгыла сураныч
0
Aikey
2018-05-22 01:41:15
маалымат бергенге жараша толук маалымат берсенер жакшы болот эле кайсылары канча сом ж.б....
0
ramik_87
2018-05-22 08:59:14
Aikey, Байланыш телефондору: 0 (312) 30-03-03;

0 (556) 87-03-03; 0 (706) 87-03-03 турат го.
0
naziman
2018-05-22 07:27:24
Айгуль Кубанычбековна жана Фатима Муратовна мен силерди коргонумо кубанычтамын!!! Эн сонун, колу алтын Врачтар, бар болгула
0
naziman
2018-05-22 07:28:36
Оздору жаш болсо да , ишин мыкты билген адистер
0
uli1234
2018-05-22 09:08:02
Варикоцеленида операция кылсаиболот бекен а
0
peri.92
2018-05-22 09:18:11
1000$дан 2000$га чейин жазашат экен, бирок кийин операциядан кийин бут талып калбайт бекен ошол суроомо жооп ала албайтам. Телефон чалып байланышсан келип текшерил анан толук маалымат беребиз дешет, барсан консультациясы 600 сом.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан