Өзгөрүшүбүз керек жана мүнөттөрдү интернеттин ГИГАБАЙТТАРЫНА алмаштыруу керек!

Кайрадан ата мекендик рынокто О! Мобилдик оператору мобилдик байланыштагы кезектеги жаңылыкты киргизип жатат. Жаңы ураанга ылайык, оператор өз абоненттерине акысыз мүнөттөрдү жогорку ылдамдыктагы интернеттин гигабайттарына алмаштыруу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктү берүүдө.

Бүгүнкү күндөн баштап, эң популярдуу "О!го которул" тарифтеринде О! абоненттерине өз тарифтериндеги сарпталбаган мүнөттөрүн жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке алмаштырууга мүмкүнчүлүк бере турган атайын "Өзгөрүшүбүз керек!" акциясы ишке киргизилди.

"Мындай алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу – жалпысынан мобилдик интернетти колдонуунун өсүп жаткандыгына, ошондой эле чексиз интернет-трафик жана абоненттердин арасында акысыз чалуулар каралган биздин тарифтердин популярдуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Мобилдик рынокту анализдөө менен биз абоненттердин түйүн ичинде акысыз баарлашууга көнүп калгандыгын, ал эми түйүндөн тышкары каралган акысыз мүнөттөр жөндөн-жөн эле колдонулбай калып жаткандыгын байкадык. Так ушул нерсе О! операторуна мезгил мене бирге кадам таштоого жана өз абоненттерине пайдалуураак шарттарды сунуштоого түрткү берди", - деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко жаңылыкка түшүндүрмө берди.

Мүнөттөрдү гигабайттарга төмөнкү курс менен алмаштырса болот:

  • Эгерде сиз "О!го которул Light", "О!го которул Light+" же "О!го которул Light + TV Баштапкы" тарифтеринин биринде болсоңуз, башка мобилдик түйүндөргө 5 мүнөт чалууларды кошумча +1 Гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернетке ээ боло аласыз. *796*1# буйрутмасын терүү менен дароо азыр алмаштырса болот.
  • Эгер сиздин тариф "О!го которул!" же "О!го которул+" тарифтеринин бири болсо, башка мобилдик түйүндөргө 20 мүнөт чалууларды кошумча +4 Гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернетке ээ боло аласыз. Дароо азыр алмаштыруу үчүн *796*4# буйрутмасын териңиз.

Толук маалымат o.kg сайтында жана 796 телефонунда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
OKEI
2018-05-17 10:21:37
Тушунсомда не пойму
-7
titanik32
2018-05-17 10:47:41
Эмнени эле чыгарып жатышат,баш айланат түшүнүксүз.
+1
Kasym_1
2018-05-17 11:55:09
Тушунуктуу эле, болгону аз минута беришет. 1 сааттык минута бергиле, ошону гб ка алмаштыралы. Килейген чон компания учун бул кичинекей нерсени сунуштаганы уят.
+2
Okgmobile
2018-05-17 12:12:57
Kasym_1,
Саламатсызбы! «Өзгөрүшүбүз керек!» акциясы АКЫСЫЗ көрсөтүлөт. Бул Акция интернетти көп пайдаланган жана өз тарифинин чегинде түйүндөн тышкары мүнөттөрдү сарптоого жетишпей жаткан абонентер үчүн ыңгайлуу болот.

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
0
Arsenal93.
2018-05-17 13:04:40
Россиядагыдай болуптурда теле2 да ушундай минутан калса мегабайтка алмаштырып алсан болот.бирок минутаны ото эле арзан баалайт 60 минутага болбогон эле мегебайт берет
0
CHOTON_86
2018-05-17 15:08:34
Теле2 интернет иштейби Кыргызстанда? Ким билет?
-2
VIP_
2018-05-18 02:08:33
CHOTON_86, оба. Йота да мтс да иштейт. Мегафонду айтпасамда белгулуу
+1
egiz-jigit
2018-05-17 16:16:12
Жакшыго 5 минутага 1 гб основной минутаны да алмаштырса болбойт бекен
+1
VIP_
2018-05-18 02:07:29
egiz-jigit,основной минута чексиз болсо кантип алмаштырасын? Чексиз интернетге алмаштырып койсо ээ? Анда кудай бермекда))
0
AzKumFerDan
2018-05-18 09:23:57
Мен уже алмаштырып алдым
+1
taalay89
2018-05-18 10:49:46
О го которул түштүк тарифинде болбойбу
+1
Okgmobile
2018-05-18 11:04:53
taalay89, саламатсызбы. Суроонузга рахмат!

Ушул эле тарифте Акция журот: «О!го которул Light», «О!го которул Light+» же «О!го которул Light + TV Баштапкы»?«О!го которул!» же «О!го которул+».

Кенениреек бул жерден биле аласыз:
https://o.kg/kg/chastnym-klientam/aktsii/spetsialnaya-aktsiya-pora-menyatsya-/

Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
0
abon
2018-05-19 20:46:24
анда 40 сомдукта жургондорго жол болсун экенда а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан