Чет элдик туристтер – "Бакай Банктын" Кызыл-Кыядагы филиалынын туруктуу кардарлары

"Бакай Банк" Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ийгиликтүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө биздин филиалдар керектөөчүлөргө да, корпоративдик кардарларга да жалпы республика боюнча көптөгөн тейлөөлөрдү көрсөтүп жатат. Керектөөчүлөр үчүн насыялар жана депозиттер, төлөм пластикалык карталар, акча которуулар, коммуналдык төлөмдөр, сейфтик уячаны пайдалануу сунушталат. Бул жана башка кызматтар “Бакай Банктын” ылдам өнүгүп жаткан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы филиалында көрсөтүлүүдө. Кеңсенин ишмердүүлүгү боюнча аталган филиалдын жетекчиси Эркин Молдоматов айтып берди.

- Сиз жетектеген филиал жөнүндө айта кетсеңиз, кандай тейлөөлөр көрсөтүлөт?

- Биздин карамагыбызда эки аманат касса бар: бири Кадамжайдагы №54-касса жана Баткендеги №53-касса, эң алыскысы Исфана шаарында жайгашкан №20-касса. Биз акча которууларынын Улуттук банк уруксат берген бардык түрлөрүн ишке ашырабыз. Мындан тышкары биз акча которуу, аманатты кабыл алуу, насыя берүү тейлөөлөрүн көрсөтөбүз. Ошондой эле бизде үч банкомат бар: бири Кызыл-Кыя шаарындагы филиалда, экинчиси Көк-Жар айыл өкмөтүндө, үчүнчүсү Кадамжай шаарында. Биздин филиалда жана карамагыбыздагы аманат кассаларда Элсом картасы менен акчаны жана коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча 4 терминал бар.

- Филиалыңыздын кайсы тейлөөлөрү кардарлардын эң көп суроо-талабына ээ?

- Биз көбүнчө акча которуулар менен алек болобуз. Экинчи орунда - насыя берүү, үчүнчү орунда - депозиттер. Биз көрсөткөн кызматтар Бишкектеги башкы кеңсеникиндей эле. Учурда кымбат баалуу металлдарды сатуу боюнча операциялар менен иштөөнү пландап жатабыз. Бул боюнча Улуттук банктын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

- "Бакай Банктын" Кызыл-Кыядагы филиалына чет элдик коноктор канчалык тез келип турат?

- Биз жөнүндө бир гана жергиликтүү тургандар эмес, Баткен облусунун коноктору да билсин деп жатабыз. Биздин аймакта көптөгөн кооз жерлер бар, мисалы, Абшыр-Ата шаркыратмасы, Айгүл Тоо. Бул жерлерге чет мамлекеттерден туристтер кызыгып көп келишет. Алар үчүн биз көптөгөн банктык тейлөөлөрдү көрсөтүүгө даярбыз. Кардарларыбыздын арасында Орусиядан келген коноктор бар. Алар орусиялык банктардын VISA картасын колдонушат. Биздин адистер жергиликтүү жана чет элдик кардарларга жогорку деңгээлде тейлөө көрсөтүүгө ар дайым даяр. Эгер сиз "Бакай Банктын" Кызыл-Кыядагы филиалына келип, тейлөөнү пайдалангыңыз келсе, иш графигин, дарегин жана телефон номерин сунуштайбыз.

"Бакай Банктын" филиалы

Жайгашкан жери: Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев көчөсү, телефон: 03657-5-01-26

Иш убактысы: иш күндөрү саат 8:30дан 17:00гө чейин

“Бакай Банктын” өлкөдөгү башка филиалдарынын иш графиги менен биздин сайттан таанышып алсаңыз болот.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан