Эмил Токтошев: "Жантөрө Сатыбалдиев парламентте элдин көзүнчө баарын айта албай жатат"

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады.

SUPER.KG порталынын "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев төмөнкүдөй жооп берди.

"Элдин душмандары деп ЖЭБге бөлүнгөн акчаларды жегендер аталат. Азыр биз, Жогорку Кеңеш, саясий баа бердик. Изилдеп укук коргоо органдарына ким күнөөлүү экенин тактагыла деп чечим чыгардык. Ал эми ким канча жегени тууралуу акыркы чекитти ошолор коёт. Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында жогорку кызмат адамдары күнөөлүү болуп калуусу мүмкүн. Себеби чоңдор аралашмайын кичине кызматтагылар жеп алуудан коркот.

Жантөрө Сатыбалдиев бул жерде элдин көзүнчө айта албай жатат. Эртең тергөөгө барганда "ошол кишинин буйругу менен кол койгонмун" десе, "ошол кишиге" да жетиши мүмкүн, бирок Сатыбалдиев айтпай жатат. Ал эми тергөөгө барганда айтпаса камалат. Ошондо камалар алдында "жок, ушул киши айтты эле" деп факт менен айтса, иштин баары башка тарапка которулат.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда күнөөсү жоктор да, күнөөлүүлөр да бар. Чоң тизме болгон үчүн баарын кошуп коюшту. Анткени биз укуктук баа бере албайбыз. Болжол менен тизмеге 10дон ашуун адам кирди. Суракка толугу менен барышат. Ал жерден күнөөлүүсү калат, күнөөсү жогу чыгарылат”, - деди Токтошев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Зиядин Жамалдинов, Исланбек Сарсейитов жана коомдук ишмер Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан