Ушул жылдын 7-майынан тартып Beeline компаниясынын 4 кеңсесинде кешбэк сервиси менен смартфондорду насыяга алуу боюнча уникалдуу сунуш ишке кирди. Эми сиз каалаган телефонуңузду насыяга болгону 30 мүнөттө ала аласыз. Ал үчүн жаныңызда паспортун көчүрмөсү, акыркы 6 айда алган айлыгыңызды тастыктаган маалым кат болушу керек. Маалым катта сиз иштеген мекеменин аталышы жана кызмат ордуңуз көрсөтүлүүсү шарт.
Насыянын мөөнөтүн керектөөчү өз ыңгайына жараша тандап алат. Эгер сиз насыяңызды balance.kg аркылуу төлөсөңүз электрондук капчыгыңызга төлөгөн суммаңыздын 30 пайызы кайра эле кайтарылып берилет. Акцияга бир гана Beeline'дын колдонуучулары эмес, balance.kg'ни активдүү пайдаланган башка байланыш операторлорунун да колдонуучулары катыша алат.
Ал эми тиркемени PlayMarket жана AppStore'дон акысыз көчүрүп алса болот. Акция Beeline'дын ЦУМ, "Бета-2" соода борборлорундагы жана Токмок, Кара-Балта шаарларындагы кеңселеринде жүргүзүлөт.
Кешбэк кызматы менен смартфондорду насыяга алуу боюнча кенен маалыматты 0774 000 999 номерине чалып (чалуу Beeline'дын абоненттери үчүн акысыз, башка байланыш операторлорунун абоненттерине чалуулар алардын тарификациясы аркылуу жүргүзүлөт) же beeshop@beeline.kg электрондук дарегине кат жазып, алсаңыздар болот.