Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси "Энелер күнү" катары белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп калмакчы.
Атактуу ойчул Эзоп эне тууралуу мындай деген: “Мен аялзатынын эки түрүн билем. Алардын бири бизди сүйдүрүп азапка салса, экинчиси азабыбызды тартат. Азабыбызды тарткандардан мен бирди гана билем. Ал менин энем!"
Ооба, азабыбызды тарткан, кандай бийиктикке жетсек, ошол нерсенин баарына салым кошкон биздин жаркын апабыз экени айтпасак да белгилүү. Бул ирет Кыргыздын атактуулары энелери тууралуу кандай баллада айтканын эстеп, тесттен өтүп көрөлү.