1. "Евразия"
2. "Шаурма по Нарынски"
3. "Даамдуу"
Окурмандар "эң даамдуу шаурма жасалат" деп тандап алган жайларга барып, шаурманын кандай жасаларын билүүгө аракет кылдык.
Сурамжылоодо 1-орунду алган "Евразия" тез татым жайынын кызматкерлери "Бишкек шаарынын тургундары бизди тандап, алдыңкы орунга чыгарганына кубанычтабыз. Бизде эч кандай деле сыр жок, болгону ар бир келген кардарга жагымдуу маанай менен чын жүрөктөн шаурма жасап беребиз", - деп билдиришти кубанган кызматкерлер.
Ал эми экинчи орунду ээлеген "Шаурма по Нарынски" тез татым жайынын ашпозчусу Тимур Мырзабеков шаар тургундары аталган жайдын шаурмасынын эти көп деп баалашарын айтат.
"Шаурма жасап иштегениме он жылдын жүзү болду. Ал эми бул жердин ачылганына 5 жыл толду. Жаңы ачып жатканда бул жердин өзгөчөлүгү катары этти көп салып жасайлы деп пландаганбыз. Ошондуктан атыбызга да "Нарын" деген сөздү кошконбуз. Эми элдер Нарын деген атты укканда эле этти эстешет эмеспи. Шаар тургундарынын көпчүлүгү бизди тандап жатышы - бул биздин 24 саат бою иштегенибизде. Экинчиден жасалган ар бир шаурманын ичиндеги кошулмаларын бирдей өлчөмдө салып жасап бергенибизде. Жакшы шаурма жасаш үчүн этти туура маринаддоо жана ар кандай татымалга ээ соустарды колдонуу керек", - дейт Мырзабеков.