17-майда соттук реформага арналган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков бул ишти тездетүүгө чакырып, соттук реформаны жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров соттук реформаны ишке ашырууда Жогорку Кеңеш, өкмөт жана коомчулук катышуусу зарыл экенин белгиледи.
"Ачыгын айтканда, мурдагы президенттин убагында сот реформасы боюнча комиссия түзүлүп, бир топ иштер аткарылды. Соттордун буга чейинки алып келген мыйзамдарынын көбү президенттин астындагы комиссияда каралган. Кийинкиси ушул жылдын апрелинде өтмөк. Бирок токтоп калган.
Соттук реформаны сот өзү жүргүзүшү керек. Президенттин астындагы сот реформасы боюнча иш-чаралар жүрүп жаткандан кийин аны да карап чыгыш керек. Ага Жогорку Кеңеш, өкмөт жана коомчулук катышуусу керек", - деди Сабиров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Бакировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.