КҮНСЕРЕП: Жаңы президенттин эски сапарлаштары саясий куугунтукка кабылышканын айтышууда

Бүгүн, 21-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов кайрадан суракка чакырылды. УКМКнын билдиришинче, ал өлкөдөн эч жакка кетпөөгө тил кат жазып берди. 18-майда Кулматовго 303-берене - коррупция боюнча кылмыш иши ачылып, айыбы угузулду. Экс-чиновник Бишкектин мэри болуп турганда Калыс-Ордо конушуна мектеп курууга бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп күнөөлөнүп жатат.

2014-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) 386 миллион долларга жаӊылоого киришкен Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкекке жана Ошко мектеп курууга 2 миллион доллар гранттык каражат берген. 2015-жылы "Альто групп" компаниясы мектепти куруп баштап, бирок аягына чыккан эмес. Андан кийинки иш аткаруучу "Главстрой" компаниясы да иштин аягына чыкпай, мектепти 2017-жылы "Айкөл строй" компаниясы куруп бүтүрдү. Курулушту аягына чыгаруу үчүн деп Бишкектин бюджетинен да 104 миллион сом жумшалып кеткен. Алгачкы 2 компания теӊ акча кайда, кантип жумшалганы боюнча отчёт берген эмес. Тагыраагы, бүгүн 1 миллион 241 миӊ доллар туура жумшалдыбы деген суроо турат. Анткени иш "Айкөл стройго" өткөрүлүп жатканда 2 миллион доллардын 759 миӊ доллары гана калган.

"Мыйзамсыз колдонулду" деп дал ушул 2 миллион доллар жөнүндө сөз болууда. УКМКнын маалыматы боюнча, Кулматов мэр кезинде ТВЕАнын гранттык акчасын өкмөттүн карамагынан мэриянын карамагына чыгарып кетип, "Альто групп" компаниясы менен жеӊ ичинен сүйлөшүүлөргө барып, ТВЕАнын эсебинен 1 миллион долларды аталган курулуш компаниясынын эсебине котортуп алганы аныкталды. Ал эми Кулматов бул миллиондорго мэриянын тиешеси жок экенин, акчаны ТВЕА өзү бөлүп, кайра өзү иштеткенин айтууда. ЖЭБди жаӊылоодогу күмөндүү иштерде аты аталып жаткан мурдагы премьер Сапар Исаков сыӊары Кулматов да ЖЭБди жаӊылоо ишинин алкагында өзүнүн УКМКга кайра-кайра суракка чакырылып жатышын "саясий кысым" деп атады. Ал мындан 10 күн мурун да УКМКда суракка алынган. Ал эми 19-майда Кулматовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча УКМК маалымат берген жок. Бүгүн Кулматов УКМКга кайрадан суракка чакырылып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.

Айта кетсек, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп 2014-2016-жылдары иштеген. Бул окуядан, эртеби-кечпи ар бир күмөндүү иштин сурагы болорунан Кыргыздын азыркы жана болочок чиновниктери сабак алышса болот. Саналуу айлар мурун "бажынын башчысы катары кирешени эселеп көбөйтө баштады" деп мактоого алынып жаткан Кулматов бүгүн оор кылмышка айыпталып отурат...

Парламент депутаттары камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону талап кылып чыгышты. Эл өкүлдөрү Мирлан Бакиров, Наталья Никитенко, Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев, "Ата Мекендин" юристи Таалайгүл Токтакунова маалымат жыйын өткөрүп, Текебаевдин иши боюнча 5 жаӊы жагдай ачылганын билдиришти. Алардын бири - сот процессинде "Текебаевдин иш бөлмөсү" деп көрсөтүлгөн кабинетке байланыштуу. Сотто Текебаевге каршы көрсөтмө берген күбөлөр "2010-жылы Текебаев менен ушул жерден жолугушканбыз" деп аталган 306-кабинетти көрсөтүшкөн. Текебаевдин жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ырасташынча, 306-кабинет ал кезде Текебаевдин эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсү болгон. Токтакунова айткандай, жакында президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу Туруспек Коёналиев 2010-жылы Убактылуу өкмөт жайгашкан имараттагы 306-кабинет ал кезде Текебаевдики эмес, Алмазбек Атамбаевдики болгонун расмий тастыктады.

Мирлан Жээнчороев эгер Текебаевдин коррупция боюнча күнөөсү болсо, анда Текебаевдин үстүнөн арыз жазып, 1 миллион доллар бергенин айткан Леонид Маевский да кармалышы керек эле деген пикирде. Жанар Акаев өлкөдө саясий режим алмашканын, азыркы тапта эл бийликтен адилеттүүлүк үмүт этип турганын белгиледи. Текебаев менен Чотоновдун ишинде такталбаган көп жагдайлар бар экенин, эгер бул иш кайра каралса, өлкөдө сотторго болгон ишенимди калыбына келтирүүгө жол ачыларын айтышты. Адвокаттар ишти кайра кароого негиз бар экенин, жакында Башкы прокуратурага арыз жазарын билдиришти. Алардын пикири боюнча, сот Текебаев менен Чотоновдун ишин 10-15 күндө карап, чечим чыгарса болот.

Камакта жаткан саясатчылардын ишин кайра кароо зарылдыгы буга чейин тегерек столдордо, саясатчылардын маектеринде, парламент трибунасында айтылып келди. 17-майда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Соттук реформа боюнча кеӊештин жыйыны өттү. Анда өлкө жетекчиси соттук реформаны аягына чыгаруу үчүн өкмөт тийиштүү мыйзамдарды парламенттин кароосуна тезирээк киргизүүсү керектигин, бул реформа анын жеке көзөмөлүндө болорун айтты. Ушундай шартта Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары, парламент депутаттары, камактагы саясатчылардын ишин кайра каратууга жетишүүнү көздөп турушат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан