Аскар Салымбековдун фонду Кыргыз өлкөсүндөгү алдыӊкы окумуштууларды жана меценаттарды сыйлоо аземин өткөрдү

Аскар Салымбековдун фонду 16-майда "Космопарк" маданий борборунда Кыргыз өлкөсүндөгү алдыӊкы окумуштууларды жана меценаттарды сыйлоо салтанатын өткөздү. Салтанатта "Акыл Тирек" илимий-интеллектуалдык сынагынын 2017-жылдагы жыйынтыктары чыгарылды. Сынак жыл сайын 2 баскычтуу талдоонун негизинде жүргүзүлүп, мыкты илимий эмгектерге жана жаш окумуштууларга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүгɵ багытталган. 2013-жылдан бери 10 миллион сомдук каражат жумшалып, 371 окумуштуу колдоо тапкан.

2017-жылдын жыйынтыгы менен 3 илимий эмгек "Акыл Тирек" сынагынын лауреаты, ал эми 3 илимий эмгек дипломанты деп табылса, жаш окумуштуулардын арасынан алтоо эӊ мыкты деп тандалган. Илимий эмгектерде - эхинококкту дарылоонун жаӊы, заманбап ыкмалары, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана эл аралык соодадагы кыйынчылыктарды жоюунун жолдору, жергиликтүү чийки заттардын негизинде керамикалык электр жабдыктарын өндүрүү технологиясы, жол кыймылын жана коопсуздугун натыйжалаштыруу жолдору, микроГэстердин жаӊы натыйжалуу конструкциясы, нефропотозду хирургиялык жол менен дарылоонун жаӊы эффективдүү ыкмасы сыяктуу өзгөчө новатордук сунуштар камтылган.

Аталган окумуштууларга сыйлыктар Аскар Салымбеков жана Кыргыз Республикасынын УИАсынын вице-президенти Осмон Тогусаков тарабынан тапшырылды. Аскар Салымбеков мамлекеттин өнүгүшүндө илим жана билимдин ролунун абдан жогору экендигин белгилеп, илимге салымын кошуп жаткан бардык окумуштууларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле илимди колдоо багытында Улуттук Илимдер Академиясы "Камкордук Фондун" түзүп, бул багытта 1 миллион сомдук каражат бөлүнүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Салтанатта "Айкөлдүк" эл аралык фонду 2011-жылы негиздеген "Ак Жүрөк" боорукерлик улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи да орун алды. 2012-жылдан бери аталган наамга 63 алдыӊкы меценат ээ болгон. Алар тарабынан жалпысынан 1 миллиард сомго барабар кайрымдуулук иштер аткарылган. 2017-жылы "Ак Жүрѳк" наамына 200дɵн ашуун меценаттардын арасынан бир жылдын ичинде 1 миллион сомдон жогору кайрымдуулук кылган 8 меценат "Ак Жүрѳк" сыйлыгына татыктуу деп табылган.

Алар:

Махамат Абдикулов - (Баткен облусу);

Алтынбек Асанов (Нарын облусу);

Саламат Кадыралиев (Ысык-Кɵл облусу);

Дамирбек Курманалиев (Талас облусу);

Вон Ил Хйонг (Түштүк Корея Республикасы);

Мирлан Мырзаканов (Жалал-Абад облусу);

Роберт Кадыркулов (Чүй облусу);

Абдырахман Бекмурзаев (Ош облусу);

Бул меценаттардын кайрымдуулугу аркасында бир канча мектеп, бала бакча, спорт жайлары жана спорт талаалары, маданият үйлөрү курулуп жана оӊдолуп, жыл сайын калктын аярлуу катмарларына, окуучуларга, спортчуларга, ардагерлерге жана жетимдерге колдоо көрсөтүлгɵн.


кошулду
Аскар Салымбековдун коому уюштурган жаш илимпоздорду колдоочу "Акыл тирек" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан