КҮНСЕРЕП: Жээнбековдун жарым жылы досунан бийлик талашуу менен өттү

Бүгүн, 22-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өкмөт жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев "Центерра" компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Анда Кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосунда 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган келишим талкууланды. Премьер "Кумтөр" боюнча бардык сүйлөшүүлөр ачык болуп, экология, социалдык колдоо жаатында дагы жыйынтыктарга жетишүү керектигин айтты. Абылгазиев кандай жыйынтык жөнүндө сөз кылып жатканы, ага кантип жетүү керектиги ачык айтылган жок.

1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыз эле. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргыз тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. 2003-жылы келишим өзгөртүлүп, Кыргыз өлкөсүнүн үлүшү 67 пайыздан 33 пайызга түшкөн. 2004-жылы үлүш 16 пайызга чейин түшүп, 2009-жылы гана кайра 32,74 пайызга көтөрүлгөн. 2017-жылы өкмөт башында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков турган кезде үлүш 26,6 пайызга түшүп, азыр ушундай үлүштө.

"Кумтөр" талашы Кыргыз жеринде ар бир өкмөттүн күчүн сынайт. 2014-жылы ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөрдө" "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүнү сунуштап чыгып, Жогорку Кеӊеш депутаттары "улуттук кызыкчылыкка дал келбейт" деп колдобой коюшкан. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын "Кумтөрдү" улутташтыруу же үлүштү 67 пайызга жеткирүү талабын Сатыбалдиев четке каккан. Кийинки премьер Жоомарт Оторбаев Сатыбалдиевдин сунушуна да, улутташтырууга да каршы экенин айтып, 33 пайыз үлүштү сактоо менен "Центеррадагы" Кыргыз тараптын таасирин күчөтүүнү сунуштап чыкты. 2015-жылы Темир Сариевдин өкмөтү "Центерра" Кыргыз тараптын сунуштарына көнбөй жатканын айтып, сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялаган. Ал эми Жээнбековдун өкмөтү тушунда Кыргыз тараптын үлүшү 33 пайыздан 26,6 пайызга түштү. Муну "Кыргызалтын" ишканасы "Центерра" "Томпсон Крик Металз" деген компанияны сатып алганы, ал үчүн "Центерранын" акциялары да сатыкка чыгарылганы менен түшүндүргөн. Бирок өкмөт "Центерранын" башка компания сатып алуу чечими күтүүсүз болгонун, үлүштүн 26,6 пайызга түшүүсүнө каршы экенин, "Центерра" менен сүйлөшүүлөр болорун билдирген. 2017-жылы 25-августта Сапар Исаков премьерликке дайындалып, 2 аптадан кийин "Центерра" компаниясы менен жогорудагы келишимге кол койду. Бул окуяны Исаковдун өкмөтү элге "Сооронбай Жээнбеков баштаган ишти Сапар Исаков аягына чыгарып, "Кумтөр" маселеси чечилди" деп жарыялады. Кыскасын айтканда, акыркы келишимди Жээнбеков жана Исаков жетектеген өкмөттөрдүн эмгеги деп даӊазалашты. Бул келишимге ылайык, “Центерра” айлана-чөйрөнү коргоо иштерине 50 миллион доллар бермекчи. Акча биринчи кезекте Ысык-Көл акваториясында заманбап агынды тазалоочу жайларды курууга жумшалат. 2009-жылкы келишимде экологиялык төлөм 310 миң доллар болсо, эми жылына 3 миллион долларга чейин жогорулай турганы да айтылды. Ошондой эле "Центерра" Улуттук онкология борборун техникалык камсыздоого 10 миллион доллар бөлгөн.

Сапар Исаков премьерликтен кетирилер алдында Жогорку Кеӊеш депутаттары Исаковду дал ушул келишим үчүн сындашты. Алмамбет Шыкмаматов "Кумтөр" боюнча 2003-жылы биринчи жолу, 2009-жылы экинчи жолу чыккынчылык келишим түзүлсө, үчүнчү чыккынчылыкка тете келишим 2017-жылы Исаков кол койгон келишим экенин айтып чыкты. Депутат бул келишим менен Кыргыз тарап экологияга келтирилген зыян үчүн "Центеррага" койгон доосунан баш тартканын, бул артка чегинүү экенин айтат. Айта кетсек, 2016-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы экологияга келтирилген зыян боюнча "Центерраны" 6,7 миллиард сом суммасында сотко берип, Бишкектин райондор аралык соту доо арызды 100 пайыз канааттандырган. Буга жооп кылып "Центерра" Кыргыз тарапты эл аралык сотко берүүгө киришкен. Сапар Исаков эл аралык арбитраждан утулса Кыргыз тарап 2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү болорун, 11-сентябрда түзүлгөн келишим экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө негизделген эӊ жакшы документ экенин айтып келет. Бардык өкмөт жетекчилери "чечем" деп убада берип, бирок чечилбей келе жаткан "Кумтөр" боюнча азыркы өкмөт башчынын алгачкы аракети башталды...

Сөз эркиндигин коргоо комитети камактагы бир топ саясатчыларды эркиндикке чыгаруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберди. Бул комитет "саясий негизде камалды" деп 13 саясатчынын атын атоодо. Алар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Канат Исаев жана башкалар. Комитет төрагасы Адил Турдукулов буларга айып тагып, камакка алгандардын өздөрүн жоопко тартуу керек деген пикирде.

Камактагы саясатчылар боюнча азыркы бийликке кайрылгандар кескин көбөйүүдө. Айрымдар абактагы саясатчыларга президент ырайым кылып чыгарышы керек десе, башкалары алардын кылмыш ишин сотто кайра кароого шарт түзүү керектигин айтып жатышат. Мисалы, Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурап өтүнбөй турганын, соттон акталып чыгууга гана кызыкдар экенин буга чейин билдирген. Анын адвокаттары жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага арыз жазышты. Прокуратура Текебаевдин жактоочулары атаган "жаӊы жагдайларды" ишти кайра кароого жетиштүү негиз деп табабы же жокпу белгисиз. Камактагы саясатчыларды эркиндикке чыгаруу өлкөдө сот бийлигине элдин ишенимин кайтарууга чыйыр салат дегендер да бар. Жарандык активисттерден, адвокаттардан, депутаттардан көп кайрылуулар жасалганы менен президент Жээнбеков үн ката элек...

Жогорку Сот экс-депутат Аида Салянова боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бүгүнкү соттук жыйында акыркы сөзүн сүйлөгөн Салянова соттор адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кыларын айткан.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын учурда 3 жаштагы кызы 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Эгер Жогорку Сот Салянованы актаганда анда анын депутаттык ыйгарым укуктары калыбына келтирилмек. Өкүмдү уккандан кийин Салянова соттор дале коомдук пикирди эске албай жатканын, президенттин соттор тууралуу айткан сындары сотторго таасир этпей, соттук реформа боюнча ажонун эскертүүлөрү сөз жүзүндө гана калып жатканын баса белгиледи.

Коомчулукта президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш, соттук реформа боюнча айткан сөздөрүн эске салып, "сөздөр качан ишке айланат" деп суроо салгандар болууда. Негизи президент Жээнбековдун коррупция менен күрөшөм деген сөздөрү азырынча бийлик үчүн гана күрөшкөндөй туюлууда. Анткени чыныгы реформа жасоону көздөгөн бийликтин эң чокусундагы адам 1 айда деле жыйынтык көрсөтө алмак. Мисалы, Армениянын премьер-министри болуп шайланган Никол Пашинян 1 аптада бардык министрлерди алмаштырып, артынан чуулуу окуялар ээрчиген чиновниктер менен генералдарды иштен айдоого үлгүрдү. Жакында Армениядагы бардык губернаторлор иштен алынарын айтып жатат. Ал эми Жээнбековдун бийликке келгенине жарым жылдан ашты, УКМК, Башкы прокуратура өӊдүү таасирдүү кызматтардан экс-президенттин кадрларын кетирип, ордуна өзүнүн кадрларын коюудан башка көрүнүктүү иши байкала элек. Ал айткан реформалардан азырынча дайын жок...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан