Бүгүн, 22-майда жарандык активисттер маалымат жыйынын уюштуруп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине карата кескин сындар айтылды. Активисттер экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну сунушташууда.
“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы 6 жылында коррупция күчөп, карызыбыз 2 эсе көбөйдү. ЖЭБ боюнча да маселелер жаралды. ЖЭБдин 30 пайызын жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар алып, карызды 492 миллион доллар кылып кайтарабыз. Ушунча чоң карыз алуу шарт беле? Акчалар натыйжалуу пайдаландыбы? Маселе ушунда болуп жатат. Биз ушул жагдайларды эске алып, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасадык. Анда экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча сунуш берилген. Депутат Исхак Масалиев бул боюнча маселени көтөрүп чыкты”, - дейт жарандык активист Мукар Чолпонбаев.
Ошондой эле алар орусиялык саясат таануучу, публицист Дмитрий Верхотуровдун “Атамбаевдин Кыргызстанга тийгизген көлөкөсү" деген китебин көрсөтүп, анда экс-президенттин 6 жылда жасаган туура эмес иштери тизмектелгенин айтышты. Активисттер аталган китепте жазылган фактылар боюнча тийиштүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүшү керектигин билдиришти.
“Бул китепте ачык коррупциялык фактылар жазылган. Автор Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусундагы туура эмес иштердин баарын чогултуп берген. ЖЭБди жаңылоо алдында тендер жарыяланбай, бир компанияга берип коюшту. Ошондо эле каршы чыккам. ТЭНи (техникалык-экономикалык негиздеме) жок эле модернизациялоону баштап салышты.
180 миллион долларга ЖЭБди жаңылап берем дегендерге министрлер “бул жогорудан чечилет” деп макулдук бербей коюптур. Анан өздөрү 386 миллион долларга бүтүрүштү. Бул карыз бизге эле эмес, биздин неберелерибиздин да моюнуна илинет. Коррупция боюнча президент февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жакшы сөздөрдү сүйлөдү. Биз да президентке кайрылуу жасайлы деп жатабыз. Азыр тазаланып алуунун убактысы келди”, - деди УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов.
Ал эми жогорудагы сындарга байланыштуу КСДПнын катчылыгы SUPER.KG порталына комментарий берди. "Бул кезектеги каралоо иши. Биз буларга эч кандай чара көрбөйбүз. Булар жүйөлүү негизге таянбай эле каралап жатышат", - дешти КСДПдан.