Президент Сооронбай Жээнбеков "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодексине, Жазык-аткаруу кодексине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизүү маселеси Жогорку Кеңешке сунушталды.
Бул сунушка жогоруда аталган ченемдик-укуктук актыларды Конституцияга ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана соттук чечимдерди аткаруу боюнча өндүрүштүн жоболорун тактоо жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу кирбейт.
Жарлыктын максаты - соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу.
Президенттин жарлыгы соттук-укуктук реформаны системдүү жүргүзүүгө жаңы дем берүүнү көздөө максатында сунушталууда.