Мамлекеттик салык кызматынын башчылыгына Теңизбек Абжапаров, Социалдык фонддун төрагалыгына Медер Ирсалиев келди

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Теңизбек Абжапаров дайындалды. Аталган буйрукка 22-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Октябрь Абдыкаимов иштеп келген. Ал берген арызына ылайык бошотулду.

Ал эми Теңизбек Абжапаров жетектеген Социалдык фонддун башчылыгына болсо Медер Ирсалиев келди. Ал буга чейин Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан