Камчыбек Ташиев: "Президент мамлекеттин иши менен мамлекеттик учакта жүрүшү керек"

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Өлкө башчынын бул кадамы коомчулуктун колдоосуна арзыган. Өлкөбүздө жаңы келген жетекчилер тарабынан башында жакшы саамалыктар болгону менен кыска убакытта унутулуп же ар кандай шылтоолор менен токтоп калган учурлар бар.

"6 жыл бою Сооронбай Жээнбеков элге жакын болоруна ишенесизби же бул утурумдук эле пиарбы?" деген SUPER.KG порталынын соболуна парламенттин экс-депутаты Камчыбек Ташиев жооп берди.

Ташиев президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектен Ошко эл менен чогуу учканда жеке иштери менен барганын баса белгиледи. “Менин билишимче, президент Бишкектен Ошко эл менен бирге учуп барган убакта өзүнүн жеке, үй-бүлөлүк иши менен барган. Бул жакшы көрүнүш, жакшы салт. Бирок президент иш сапары, мамлекеттин иши менен бара турган болсо, ал милдеттүү түрдө бардык коопсуздукту сактап, мамлекеттин унаасын, мамлекеттин учагын, мамлекеттин жан сакчыларын пайдаланышы керек. Себеби ал өзү үчүн эле эмес, мамлекеттеги бардык жарандардын президенти. Анын коопсуздугу иштешине шарт түзөт. Ал эми ишинин натыйжалуулугу ар бирибиз үчүн маанилүү болушу керек”, - деди Ташиев.

БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова, жарандык активист Айбек Мырза, журналист Дайырбек Орунбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан