"Бакай Банктын" Оштогу аманат кассасы кардарларды күнү-түнү тейлейт

"Бакай Банктын" Оштогу филиалы 19 жылдан бери кардарларга активдүү кызмат көрсөтүп келет. Бул убакыт аралыгында ал өлкөнүн түштүк аймагындагы эң ири каржы-кредиттик мекемеге айланды. "Бакай Банктын" Оштогу филиалынын банк рыногундагы башка мекемелерден айырмаланган спецификасы жана артыкчылыктары тууралуу анын жетекчиси Аскар Калдаров айтып берди.

- Аскар Муктарович, айтсаңыз, башка банктардан сиздердин филиал эмнеси менен айырмаланат?

- Биздин филиалдын Ош облусундагы башка бардык банктардан артыкчылыгы - бизде №37-аманат кассасы "Манас" эл аралык аэропортунда жайгашып, күнү түнү, майрам, дем алыш күндөргө карабай күн сайын кардарларга кызмат көрсөтүп келет. Ал жерден кардарларга кредит берүү кызматынан башка бардык кызматтар көрсөтүлөт. Бул биздин кардарлар үчүн абдан ыңгайлуу, анкткени алар майрам күн же башка банктар иштебеген дем алыш күндөрү да зарыл жумуштарын бүтүрө беришет. Ошондой эле Оштогу филиалда VIP-кабиналар иштейт. Ал жерде биздин корпоративдик кардарларга кызмат көрсөтүлөт. Келген кардарлар ал кабинада отуруп алып чай же кофе ичип, телевизор көрсө болот. Биздин кызматкерлер аларга өздөрү келип, тейлешет.

- Ош облусу боюнча сиздердин канча аманат кассаңыздар бар жана алар көбүнчө кандай кызматтарды көрсөтөт?

- Ушул учурда Ош облусу боюнча 13 аманат кассасы жана Ош облустук Газ чарбасы башкармалыгынын төлөмдөрдү кабыл алган 1 пункту иштейт. Жакында ал пунктту да аманат кассасы кылуу пландарыбыз бар, ошондо жалпы 14 болот. Биздин бөлүм Ош облусунун бардык аймактарында - Ноокат, Өзгөн, Араван, Кара-Суу аймактарында да иштейт. Бардык бөлүмдөрдө банктык бардык кызматтар - насыя берүү, акча которуу, операциялык тейлөөлөр көрсөтүлөт. Баса, биздин көпчүлүк кардарларыбыз пенсионерлер, учурда маяналык долбоорлор да иштелип жатат. Белгилеп кетчү жагдай - биз башка банкттардан кардарларыбыздын көптүгү менен да айырмаланып турабыз.

- Киреше табуу планын толтуруу үчүн кандай иш аракеттерди көрөсүздөр?

- Кирешенин негизги бөлүгүн насыядан түшкөн каражаттар түзөт. Ошол эле учурда операциялык тейлөөлөрдөн да пайда түшөт. Акча которуу, SWIFT кызматтары да абдан жакшы жолго коюлган. Депозиттер эң көп которулган филиал да бизбиз. Ал эми киреше жөнүндө кеп кыла турган болсок, биздин филиал дайыма пайда табуу планын аткарып келет.

2016-жылы биз башка филиалдарды артка калтырып, киреше табуу боюнча 1-орунга чыкканбыз, 2017-жылы 2-орунду ээлесек, быйыл кайра башка филиалдардан алдыда келе жатабыз. Биздин ийгилигибиздин сыры эмнеде десеңиз - кассирден тартып башкаруучуга чейинки кызматкерлердин баары киреше планын толтурууну максат кылып алганбыз, ар бир кызматкерге өз-өзүнчө тиешелүү көрсөткүчтөр боюнча план толтуруу тапшырылган. Ушул максатта иш алып барууда ар бир кызматкер киреше планын толтурууга өзүнүн салымын кошуп келет. Биздеги кызматкерлердин баары өз ишин мыкты билген адистер болгондуктан кардарларга жогорку деңгээлде тейлөө көрсөтүлөт жана ар бир кардардын өз шартына жараша жекече мамиле жасалат.

- Ош облусунун тургундары сиздердин филиалдын иши тууралуу канчалык деңгээлде билет?

- Биз шаардын социалдык, экономикалык жашоосуна активдүү катышабыз, анын ичинде ар кандай акцияларда, иш-чараларда мыкты катышып турабыз. Биздин филиалдын кызматкерлеринен түзүлгөн өзүнчө футболдук командабыз бар, футболчуларыбыз шаардагы мекемелер жана банктар аралык турнирлерге катышып турушат. Бул жылы банктар аралык өткөн футбол боюнча турнирде 4 жолу катарынан чемпион болдук. Мунун баары биздин брендге жана кардарларга таанылууга оң таасирин тийгизет. Ошондой эле ушул жылдан тартып биз банкка кызматкерлерди Жогорку окуу жайлар аркылуу кабыл алууга өттүк. Жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүп, алардын бүтүрүүчүлөрү арасында тест, сынак жарыялап, үйрөнчүктөрдү кабыл алабыз. Бул да болсо калк арасында биздин банктын популярдуулугун жогорулатат. Учурда аманат кассаларыбыздын дагы бирин 7 күндүк иш графигине өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары жай мезгилинде күндүн узактыгын эске алып, кардарларды саат 20:00гө чейин тейлөө каралууда. Эгер сиздер да "Бакай Банктын" Оштогу филиалындагы кызматтан пайдаланам десеңиз, сиз үчүн иш тартибибизди жана телефон номерлер менен дарегибизди сунуштайбыз.

Биздин дарек: Ош шаары, Масалиев көчөсү 32. Телефон: 0 (3222) 8-76-16 , (3222) 8-78-12.

Иштөө убактысы: иш күндөрү: саат 09.00дөн 16:30га чейин.

Бакай Банктын өлкөнүн башка аймактарында жайгашкан филиалдарынын иш тартибин http://www.bakai.kg/ru/affilates/?show_top_map ушул сайт аркылуу кирип билсеңиз болот.

"Бакай Банк" ААКсы - 19 жылдан ашык мезгилден бери Кыргыз мамлекетинин жашоочуларына финансылык кызматтын кеңири түрүн көрсөтүп келе жатат. Азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70 филиалы жана сактык кассалары бардык кардарларга бат жана ыңгайлуу тейлөөлөрдү жүргүзүп келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2018-05-25 16:40:25
Бакайбанк жакшы банк
+1
asil-08
2018-05-26 00:31:59
Проценти көп экен бирок, элди ойлобой эле бул банк да колу бутун салып алыптыр оозуна.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан