Депутат Экмат Байпакбаев: "Жогорудан баштап кызматтан алган чечим туура болду"

20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаевдин пикири төмөнкүдөй.

Байпакбаев Бурулайды өлтүрүүгө жол берген милиция кызматкерлерин кызматтан алуу эң туура чечим болгонун айтты.

“Тилекке каршы, учурда тартиптүүлүк азайып баратат. Жогорудан баштап кызматтан алган чечим туура болду, биз ушундай бекем жол менен кетишибиз керек. Бул окуя чынында шалаакылык, ошонун айынан жаш кызыбыз каза болуп калды. Президент, премьер чечкиндүү кадамга барып, тапшырмалар берилип, тийиштүү адамдар кызматтан алынды.

Учурда ИИМдин ичинде мындан башка да көйгөйлөр бар, ошонун баары чечилиш керек. Кызматтан алуу менен гана чектелеби дегенде, окуя болгон жердеги нөөмөтчү жана башка тийиштүүлөрдү жоопко тартыш керек”, - деди Байпакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Акылбек Жамангулов, журналист Нарын Айып, эксперт Мирсулжан Намазаалы жана блогер Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан