Медиа эксперт Мирсулжан Намазаалы: "Коомчулук туура эмес нерселерге өз оюн билдирүүгө даяр эмес"

20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна медиа эксперт Мирсулжан Намазаалынын жообу төмөнкү.

Эксперттин пикиринде, мындай чоң окуяларга тийиштүү чара көрүлүшү үчүн коом өзү даяр болуп, талап кылганды билиш керек.

"Учурда Грузияда мыйзамсыз аракет үчүн он миңдеген эл көчөгө чыгып, калыстыкты талап кылышууда. Бул коомдук аң сезим мыйзамсыз нерселерге каршы турууга даяр экенин тастыктап жатат. Ушундай каршылык көрсөтүүнүн арты менен кичинекей гана аткаминерлер эмес, чоң кызматтагылар да кызматынан кол жууп жатат.

Ал эми биздин өлкөдө ылдыйкы кызматтагылар гана сөгүш алып жаткандыгы - коомчулук туура эмес нерселерге өз оюн билдирүүгө даяр эмес экенинен кабар берет. Демократиялуу өлкөлөрдө мындай катачылык кеткенде чоң жоопкерчилик тартууга алып келет, кызмат учурунда шалаакылык кылса, жоопкерчиликке тартылыш керек, себеби кийинки келгендер ойлонуп, мурдагы кемчиликти кайталабаганга аракет кылат. Бизде кичине кызматтагыларды гана жумушунан алып койсо маселе чечилбейт, алар өзгөрүүнү жасай турган адамдар эмес да. Ошондуктан ушундай окуяларда майда кызматтагыларды гана кызматтан алуу маселени чечүүгө жардам бербей калышы мүмкүн”, - деди Намазаалы.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Акылбек Жамангулов, Экмат Байпакбаев, журналист Нарын Айып жана блогер Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан