КҮНСЕРЕП: Атамбаев Жээнбековдун бийлигине сөөмөй кезеди

Бүгүн, 6-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мурдагы энергетика министри, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Артыкбаевге Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишине байланыштуу "коррупция" боюнча кылмыш иши ачылды. Кечээ мурдагы премьер Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын экс-төрагасы Кубанычбек Кулматов тергөө бүткөнгө чейин камакка алынган. Булар дагы ЖЭБди жаӊылоо ишиндеги "коррупцияга" шектелүүдө.

Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын бөлүм башчысы кезинде ЖЭБди жаӊылоодо иш аткаруучу катары Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, ТВЕА ошол каттын негизинде тандалды деп күнөөлөнүп жатат. Ушундай эле катты Атамбаевдин атына президенттик аппараттын дагы бир бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова да жазганы аныкталды, бирок аны УКМК суракка чакыра элек. Ал азыркы тапта президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы бөлүмүн жетектөөдө. ЖЭБди жаӊылоодо Кыргыздын кызыкчылыгына дал келбеген келишимди "тез арада карап бергиле" деп Жогорку Кеӊешке сунуштаган ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин жазадан тыш калып жатканы коомчулукта суроо жаратууда. Коррупцияга каршы күрөш тегиз эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы үчүн гана жүрүп жатабы? ЖЭБди жаӊылоо долбоорунда аты аталган депутат Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн "качып" кетиши, балким, УКМК айткандай күтүүсүз окуя эместир... Саясат таануучу Марс Сариев президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш аркылуу экс-президент Атамбаевди алсыратууда деген пикирде. 2020-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өтөт. Атамбаев бул шайлоого КСДПны өзү баштап барарын айткан, андыктан Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү бир ок менен эки коёнду атып жаткан болушу мүмкүн.

Исаков, Кулматов жана Артыкбаевдин кармалышы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билдирүү жасап, анда аталган саясатчыларды камакка алуу коррупцияга каршы күрөш эмес экенин айтты. "Коррупция менен күрөштө айырмаланган так ушул адамдардын коррупцияга күнөөлөнүп камакка алынышы акыл-эске сыйбайт. Коррупция менен күрөшүү деген кыйкырыктардын астында иш жүзүндө, өз пикири, өз позициясы барларга аңчылык башталды", - деди экс-президент. 2017-жылы Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Канат Исаев өӊдүү саясатчылар камалып, бир тобуна кылмыш иштери ачылып жатканда Атамбаевдин бийлигине да так ушундай сындар айтылган.

Экс-министр Артыкбаев да ТВЕАны тандоого, Кыргыз тараптын кызыкчылыгы корголбогон келишим түзүүгө кошкон "салымы" үчүн айыпталууда. Ал эми Кулматов 2014-жылы Бишкектин мэри катары ТВЕА мектеп курууга бөлгөн 2 миллион долларды мыйзамсыз колдонгон деп айыпталып жатат. Осмонбек Артыкбаев 2013-2014-жылдары энергетика министри болуп турган. Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссияга төрагалык кылган. Албетте, Исаков сыӊары Артыкбаев да өзүнө тагылып жаткан айыптарга макул эмес. Экс-чиновник ЖЭБди жаӊылоодо Кытайдын "Эксимбанкы" менен кредиттик келишим түзүүгө Каржы министрлиги, ал эми ТВЕА менен контракттык келишим түзүүгө "Электр станциялары" ишканасы жооптуу дейт. 386 миллион долларлык ири энергетикалык долбоордо өлкөнүн Энергетика министрлигинин жоопкерчилиги жок дегенге ишенүү кыйын.

Бишкек ЖЭБин жаӊылоодо кадимки кычкачтын баасы 600 доллар, кондиционер 57 миӊ доллар, видеокамера 14 миӊ доллар деп базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлгөнү элге жарыяланды. Бул иштеги күмөндүү жагдайларды иликтеген Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы долбоордо коррупция бар деген тыянак чыгарып, ишине укуктук баа берүүнү айтып 30га жакын адамдын атын жарыялады. Коомчулук күнөөлүүлөрдү ким экенине карабай жазалоону талап кылууда. Азыркы тапта ЖЭБ жаӊжалына байланыштуу 10 адам тергөө абагында отурат. Айрым бажычылардын кармалганын эске албаганда, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү азырынча ЖЭБдин тегерегинен алыс чыга элек...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан