Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.
Сариевдин пикиринде президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аркылуу экс-президент Алмазбек Атамбаевди алсыратууда.
"Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөрүн айткан, фактылар далилденип жатат. Бирок бул окуянын башка саясий жагы да бар. Азыркы көрүнүш Курманбек Бакиев же Алмазбек Атамбаевдин убагындагыдай саясий куугунтук эмес. Атамбаевдин айланасындагыларды камап, аны алсыратуу жана ал кийинки парламенттик шайлоодо реванш жасабасын деп алдын алуу максатында жасалууда. Бул камалгандарды көргөндө Атамбаевди колдогон команда артка чегинет, Жогорку Кеңештеги КСДП депутаттарынын көбү Жээнбеков жакка өтүп кетпедиби.
Абалды көрүп турган Орусиядан да, Кытайдан да Атамбаев колдоо таба албай калат. Коррупция менен күрөшүү аркылуу Атамбаев жанындагы кишилерди да жоготуп жатат. Аскарбек Шадиев качып, Икрамжан Илмиянов, Райымбек Матраимов кармалбай жүрсө, “эмне үчүн түштүктүктөр кармалбай жүрөт” деген сөз коомдо пайда болуп жаткан бул пикирди Атамбаев тарап да колдонуп кетиши мүмкүн.
Эми кечээ үчөөнү камагандан кийин эл “чын эле күрөшүп жатыптыр” деп президентти карай сын басаңдайт. Бийлик ошону сезип, коррупция менен күрөштү кайра баштады, болбосо ортодо тыным болуп тынчып калган. Эл арасында “Атамбаев менен Жээнбеков чогуу жүргөн кишилер, сүйлөшүп алышты, күнөөнү экинчи пландагы кишилерге артып коюшат” деген дагы бир кеп айтылып жаткан, эми ошол сөздөр да тып токтоду”, - деген пикирде Сариев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.