Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.
Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна экс-депутат Феликс Куловдун жообу.
Куловдун айтымында, мыйзамдын талабы боюнча кайсы бир партия бийликке оппозиция болгусу келсе, бул тууралуу расмий билдирүү жасашы керек.
"Социал-демократтар партиясы оппозицияга өтүү тууралуу билдирүү жасаган эмес. Ошондуктан КСДПны оппозициялык деп саноого болбойт. Ал кайсы бир маселе боюнча макул болбошу мүмкүн, ошол эле учурда өзүнүн өкмөтү менен да макул болбошу мүмкүн, бул кадимки көрүнүш. Мисалы, үй-бүлөдө балдары атасын жакшы көрүшөт, бирок ар кимисинин жеке ою бар, бирок бул "алар бири-бирин жек көрөт" дегенди билдирбейт да.
КСДПнын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаевдин кечээки билдирүүсү өзүнүн санаалаштарын коргоого багытталган. Анда учурдагы бийликтин дарегине сын-пикирлер да камтылган, бирок ал оппозицияга биротоло өттү десек болбойт. Атамбаев өзүн оппозиционер катары көрсөтүүнү баштап жатат.
Ал эми учурда оппозицияда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы бар. "Ата Мекен" партиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевге оппозиция болчу, ал эми азыркы президент Сооронбай Жээнбековго карата партия кандай позицияда экени тууралуу билдирүү жасай элек", - деди Кулов.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, журналист Турат Акимов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.