Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.
Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна журналист Турат Акимов пикирин билдирди.
Акимов азыркы саясий кырдаал - парламенттен тышкары болуп жаткан интрига, ошол сырттагы интрига парламентке кирмейинче КСДП фракциясы башкаруучу коалицияда тура берет.
"Парламентте кризис жаралышы үчүн башка фракциялар кандайдыр бир кыймыл же аракет кылышы керек. Башка фракциялар КСДПнын башкаруучу коалицияда турганына макул болсо, КСДП фракциясы ишин уланта берет. Анткени ошол фракция башка фракциялар менен тил табышып алган, креслолорду бөлүшүп алышкан. Булар өкмөттүн курамын бекитишет, өкмөттүн ишине ыраазы болушса, коалицияда тура беришет.
КСДП партиясынын миңдеген мүчөлөрү бар да. Айрым мүчөлөрү "Атамбаевди партиядан кетиребиз" деди, Алмазбек Атамбаев "Сооронбай Жээнбеков туура эмес кылып жатат" деди, Жээнбеков "мен да КСДП партиясынан болгом, ошол партиядан чыккам" деп жатат. Ал эми мындай кырдаалда парламенттеги фракциянын көпчүлүгүнө баары бир, алар бийликтин башында отурушат, тымызын иштерин жасап жатышат. Аларга талаш-тартыш, оодарыштын болушунун кереги жок, алар учурда тийиштүү чечимдерди кабыл ала турган адамдар. Ал эми сыртта болуп жаткан нерсе - интрига, ошол интрига парламентке да келип калса, ошондо парламентте кризис жаралат", - деди Акимов.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.