7-июнда Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, акыркы жылдарда өлкөдө аялдар жана балдар зомбулукка кабылган кайгылуу окуялар болуп жатат.
"Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, биздин өлкөдө ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Улуттук статистикалык комитети кылмыштардын жалпы санынын кыскарышы менен бирге аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча расмий катталган фактылардын өсүүсү байкалып жатканын ырастайт. Акыркы беш жылда никеге мажбурлоо максатында ала качуулардын саны өскөнү белгиленет. 2013-жылы 19 учур катталса, 2017-жылы 31 факт болгон", - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев Жайыл РИИБинин имаратында 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлтүрүлүшү баары үчүн чоң сабак болгонун ырастады.
"Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү улуттук саясатын түп тамырынан карап чыгуу керек. Буга байланыштуу укук коргоо органдарынын жетишсиз иш-аракеттерин белгилеп кетким келет. Кылмышкерлердин жактоочулары жана туугандары зомбулуктун курмандыктарына психикалык жана физикалык кысым көрсөтүшүүдө. Ички иштер органдарынын өкүлдөрү буга жол берип жаткандыгы терең өкүндүрөт", - деп белгиледи Абылгазиев.
Өкмөт башчы кезектеги жолу тараптардын элдешүүсүнө карабастан, аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөн адамдар номиналдуу эмес, чыныгы абак мөөнөтүн алуулары керектигин өзгөчө белгиледи.
"Укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кыздарды жана аялдарды никеге мажбурлоо тажрыйбасын жоюуга бардык күч-аракеттерди жумшоого тийиш. Буга байланыштуу калк арасында адам укуктарын сактоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү зарыл. Коомдо кыз ала качуу жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүү туура эместиги жөнүндө түшүнүк калыптанышы кажет", – деди премьер-министр.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу жана ага каршы күрөшүү ишмердиктери тууралуу маалымат берилди.
Улуттук кеңештин жыйынында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын, гендердик өнүктүрүү тармакта иштеген өкүлдөр жана көз карандысыз эксперттер катышты.