Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун кеңири курамдагы жыйыны башталды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны болуп өттү. ШКУнун саммитине Кыргыз, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан өлкөлөрүнүн президенттери жана Индиянын премьер-министри келген.
Жыйындан соң ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын, байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын жана эл аралык коноктордун сүрөткө түшүү аземи болду.
Сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына бет алышты.