Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин коом мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күттү. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.
Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна саясий ишмер Эдил Байсаловдун жообу төмөнкүдөй болду.
Байсалов камактагы саясатчылар президенттин ырайым жарыялоо укугунан пайдаланышы керек деген пикирде.
"Алардын баары мурунку президенттин тапшырмасы менен камалып, соттолгон. Эми жаңы президент таза иштесин деп жатабыз да, ошол эле учурда андан "сотторго саясий буйрук бер, бошотуп актап өкүм чыгарып беришсин" деп күтүүдөбүз. Соттор менен прокурорлор болсо баягы эле Сегизбаев-Жолдубаева баштап берген инерция менен иштер уланууда.
Президенттин колундагы ырайым жарыялоо укугунан болсо пайдалангылары жок. Мисалы, Текебаев түздөн-түз баш тартып жатат. Мен ал келтирип жаткан себептерди түшүнө албай койдум. Эч жерде "президенттин ырайымы менен бошотулсаң, күнөөңдү моюнга алгандай болосуң" деген норма жок. Жакында эле мына Малайзиянын падышасы түрмөдөн оппозиция лидери Анвар Ибрагимге ырайымын көрсөтүп бошотту. Бул мамлекет башчысынын эң негизги укуктарынын бири, кимди кааласа актап, кимдин жазасын кыскартып, кимдикин күнөөсүн кечет", - деди Байсалов.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, журналист Жамиля Аилчинова жана саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирлери бул шилтемеде