Бүгүн, 12-июнда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берет.
Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө комитетинде каралмакчы. Өкмөттүн отчёту бул комитетте каралган соң эртең, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-январынан 21-августуна чейин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеген. 2017-жылдын 25-августунда премьер-министрликке Сапар Исаков келип, 2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгү үчүн кызматтан кеткен. Ал эми 2018-жылдын 20-апрелинен тарта премьер-министр болуп Мухаммедкалый Абылгазиев иштеп келүүдө.
Абылгазиев 2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 22-августуна чейин биринчи вице-премьер болуп иштеген. 22-25-августтарда премьер-министрдин милдетин аткарып турган.