Депутат Айнуру Алтыбаева: "Бир күндө эле бардык коррупцияны жок кылабыз дегенден алыс болуш керек"

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жооп берди.

Депутат сот тармагын реформалоо боюнча иштер жүрүп жатат деген пикирде.

"Бир күндө эле бардык коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылабыз дегенден алыс болуш керек. Коррупция менен күрөшүү иши - тынымсыз боло турган процесс. Буга чейин болгон эки революцияга сот тармагында болгон элдеги нааразычылык да себеп болгон.

2010-жылы Баш мыйзамыбызга Сотторду тандоо кеңеши институтун киргизгенбиз, 2016-жылдагы референдумда Тартиптик комиссияны киргизгенбиз, 2019-жылдын 1-январынан тарта иштей турган жаңы кодекстерди кабыл алдык. Бул укук коргоо органдарынын ишин реформалай турган кодекстер. Ошондуктан реформа жүргүзүү өз өзүнчө эмес, комплекстүү аткарыла турган иш", - деди Алтыбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, журналист Семетей Талас уулу жана юристтер Канатбек Азиз менен Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан