Депутат Мирлан Жээнчороев: "Коррупция - мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген нерсе"

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жыргатарлык эмес жүрүп жатканын белгилеген. Мындан улам судьялыкка талапкерлердин декларацияларын дыкат текшерүү керектигин жана соттук реформаны тездетүүнү айтып, бул маселе жеке көзөмөлүндө болорун убадалаган.

Буга байланыштуу түзүлгөн SUPER.KG порталынын "Сот системин реформалабай туруп коррупция менен күрөшүү мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.

Депутат учурда сот реформасын жүргүзүү үчүн тийиштүү иштер аткарылып жатканын айтты.

"Коррупция - мамлекеттин экономикалык, кылмыштуулук акыбалына жана мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген нерсе. Ошондукан бардык мамлекеттер коррупция менен күрөшүштүн жолун издеп жатышат. Биз жаңы кодекстерди кабыл алып, ошол органдын реформасын жүргүзүп жатабыз. Сот реформасын жүргүзүүгө мен билгенден 8-9 мыйзам кабыл алдык, 2017-жылы, 2014-жылы, 2015-жылы кабыл алганбыз. Бул мыйзамдарды кабыл алгандан бери коррупцияга бөгөт коюу процессин баштап жатабыз. Мисалы, "бейбаштык" беренеси бар, бул азыр өзгөртүү киргенден кийин кандайдыр бир деңгээлге чейин кылмыш эмес "жорук" деп эсептелип, жорук болгондо тергөө маселеси да башка болот. Бул бир мисал", - деди Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Исхак Масалиев, журналист Семетей Талас уулу жана юристтер Канатбек Азиз менен Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан