"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.
Ал аталган долбоор ишке ашса, сөзсүз түрдө жол кырсыгы азаят" деген пикирде.
"Жол коопсуздугунун кызматкерлери коррупцияга малынгандыктан жарандар 200-300 сом менен кутулуп кетем деген ой менен тобокелге барып, жол эрежесин буза беришет. Видеобайкоо орнотулуп, 1 миң сомдон 2-3 жолу айып пул келсе, айдоочулар эсине келет. Күнүнө 4 ирет жол эрежесин бузуп, 4 миң сом айып төлөсө, сөзсүз түрдө айдоочулар автоунааларын этияттап айдап калышат", - дейт Айбек Мырза.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.