"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна жарандык активист Болот Ибрагимов жооп берди.
Ал аталган долбоор бардык кырсыктардан куткаруучу каражат эместигин айтып, бирок видеобайкоо орнотулса жол кыймылынын эрежелерин бузгандар бир кыйла кыскара турганын билдирди.
"Бирок ошол эле учурда көптөгөн маселелер бар. Мамлекеттик номурларды жашыруу, эреже бузуу боюнча чечим кабыл алууда адамдык фактор болушу мүмкүн. Мындан тышкары камераларды көзөмөлдөө эң коррупцияланган делген мекемеге берилиши ыктымал", - деди Ибрагимов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиеванын пикири төмөнкү шилтемеде.