"Коопсуз шаар" долбоору ишке ашса, жол кырсыктары азаябы деген суроонун негизинде SUPER.KG порталынын соболуна "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров жооп берди.
Депутат бул долбоор ишке ашса, жол кырсыгы эле эмес, көчөлөрдөгү мыйзам бузуулар 85-90 пайызга кыскарат деп белгиледи.
"Жол кырсыктарын азайтканга аракет кылуу зарыл. Долбоор ишке ашса, чоң-чоң шаарлардын көчөлөрүндөгү мыйзам бузуулар 85-90 пайызга тыйылат. Туризм жаатын дагы коопсуздук менен камсыз кыла албай жатабыз. Бул долбоор ишке ашса алардын коопсуздугу сакталмак", - деди Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Зарылбек Рысалиев, Зиядин Жамалдинов, Кенжебек Бокоев, Айсулуу Мамашова, жарандык активисттер Айбек Мырза, Калича Өмүралиева, Болот Ибрагимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.