Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчёт берет.
Буга чейин өкмөт башчынын отчётун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, кызуу талкуулаган.
Жыйынтыгында өкмөттүн 2017-жылга карата отчётуна "канааттандырарлык" же "канааттандырарлык эмес" деген так баа бере алышкан эмес. Комитет мүчөлөрү отчётту эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарылсын деген токтом кабыл алышкан.
Ал жыйында депутаттар тарабынан бир топ кайчы пикирлер айтылган.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Мурунку премьер-министр Сапар Исаков бизге отчёт берген. Баарыбыз жактырганбыз. Мухаммедкалый Дүйшөкеевич (Абылгазиев - ред.), сиздин отчёт берүүдөгү максатыңыз эмне? Биздин 3 фракция өкмөттүн отчётуна начар баа койгон. Мына бул жерде ошол фракция лидерлери отурат. Аны кандай кылып чечебиз? 2017-жылы өкмөттө эки программа иштеген. Биз кайсы бирин канааттандырарлык деп табабыз?" - деген.
Ал эми дагы бир депутат Кенжебек Бокоев: "Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, сиз канааттандырарлык эмес деген баага макул болушуңуз керек. Себеби мындай бааны биз апрелде эле Сапар Исаковго берип бүттүк. Эгер антпесек, ал да мага саясат кылышкан экен деп ойлойт. Бирок чын эле өкмөттө кемчиликтер бар. 2017-жылы ЖЭБдеги коррупцияны ачыктаган эмес", - деп билдирген.
Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков: "Тарыхта болбогон окуяга туш болдук. Чечим кабыл алуу кыйын болууда. Комитет өкмөттүн отчётун эске алуу менен палатанын кароосуна сунуштайбыз", - деп айткан.
Эске салсак, 2017-жылдын 8 айында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп иштеген. Ал эми калган 4 айында Сапар Исаков өкмөттү жетектеген. Азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев болсо Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде биринчи вице-премьер катары иш алып барган.