КҮНСЕРЕП: Жогорку Кеңеш Сапар Исаковго саясий куугунтук болгонун далилдеди

Бүгүн, 14-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчётун укту. 2017-жылы өкмөттү 8 ай азыркы президент Сооронбай Жээнбеков, 4 ай Сапар Исаков жетектеген. Экөөнүн ишине бүгүн жаӊы премьер отчёт берди. Аягында 96 депутаттын добушу менен "канааттандырарлык" деп баа берилди.

Өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча апрелде мурдагы премьер Сапар Исаков отчёт берген. КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары отчётту "канааттандырарлык" деп бааласа, парламенттик оппозиция "канааттандырарлык эмес" деп тапкан. Отчёт жалпы жыйынга жеткен эмес, анткени Исаковдун өкмөтүн парламент шашылыш түрдө ишеним көрсөтпөө аркылуу отставкага кетирди. Коалициядагы депутаттар отчётун колдоп келатып эле заматта Исаковдон жүз буруп кетишти. Ал депутаттар: "2017-жылы өкмөттү 8 ай Сооронбай Жээнбеков жетектеген, отчётту ошондуктан колдодук. Исаков өкмөттү 4 эле ай жетектеди", - дешти. Бирок быйыл кышында Бишкек ЖЭБиндеги аварияга жооптууну издөөгө келгенде Исаков өкмөт башында 4 эле ай турду, станцияны кышка карата оӊдоп-түзөөгө өкмөттү 8 ай жетектеген Жээнбеков жооптуу деп айткысы келишкен жок. Буга чейин ЖЭБди 2017-2018-жылкы кышка даярдоого казынадан акча бөлүнүп, бирок акча оӊдоого жумшалбай уурдалып кеткени айтылган. Бул боюнча бүгүн айрым экс-чиновниктер камакта отурушат.

Бүгүн Абылгазиев өкмөттүн эӊ жакшы иштери 2017-жылдын алгачкы 8 айында жасалган деп кайра-кайра айтты. Жылдык отчётто Жээнбековдун 8 айын өзүнчө бөлүп кароонун максаты эмне? Исаковдун дарегине азыркы өкмөт башчыдан башка да сын-пикир айтылды. Мисалы, "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен өкмөттүн ортосунда Исаковдун тушунда кол коюлган келишимдин шарттарына макул эместигин билдирди.

Талаш-тартыш отчётко баа берүүгө келгенде жаралды. Депутат Исхак Масалиев эгер парламент бүгүн отчётту "канааттандырарлык" деп тапса, анда Сапар Исаковду кайра кызматка алып келүү керек болорун эскертти. "Исаков саясий негизде эмес, ишиндеги кемчиликтери үчүн кетирилген", - деди Масалиев. Башкалары Сапар Исаков өкмөттүн ишиндеги кемчилиги үчүн эмес, Бишкек ЖЭБин жаӊылоо, "Кумтөр" келишими өӊдүү иштерде жеке өзүнө шек жаралганы үчүн кетирилген деп чыгышты. Юрист депутат Мыктыбек Абдылдаев Сапар Исаковду отставкага кетирүүдө өкмөттүн 1 жылдык иши жөнүндө сөз болуп, ал стенограммага жазылып калганын, андыктан "канааттандырарлык" деген баа кийин суроо жаратышы мүмкүн экенин эскертти. Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети да отчётко баа бере албай, аны эске алуу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизген. Бул комитетти юрист депутат, Бишкектеги Юридикалык академиянын мурдагы ректору Канат Керезбеков жетектейт. Белгилүү юристтер күмөн санаган процедура көпчүлүк аркылуу чечилип, отчёт "канааттандырарлык" деп табылды. Муну менен парламент Сапар Исаков премьер катары жакшы иштегенин моюнга алды. 2 ай мурун өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча Сапар Исаковдун отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапкан "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары бүгүн кайра колдоого алышты. Айырмасы - бул жолу баяндамачы Абылгазиев...

Бишкекте 18 жаштагы кызды ала качып, артынан туугандары баргыча зордуктап салышкан. Учурда жигит кармалып, кыз ооруканада жатат.

"Кылым шамы" борборунун маалыматына таянсак, жабырлануучу кыздын үй-бүлөсү Бишкекте батирде турушат. Ошол күнү батирдин ээси кызды алдап чакырып, ала качтыруу максатында унаага салып берген. Кыздын туугандары жана милиция өкүлдөрү ала качкандарды таап баргыча 1 күн өтүп кеткен. Бул убакта кыз күч колдонуп зордукталып калганы аныкталган. Бул президенттин, премьер-министрдин, парламент депутаттарынын кыз ала качуу токтосун, ала качкандар катуу жазалансын деген катуу талаптарынан кийин болуп жаткан окуя. Укук коргоо органдарына "колуӊардан эмне келет?" дегендей мамиле. Айтор, ала качуунун айынан өмүрү кыйылган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын окуясы, андан кийин Бишкекте кыз ала качууга шектелип кармалгандардын окуясы талкууланып бүтө электе бул окуя отко май чачты. Ала качуу салт эмес, кылмыш экенин адамдар толук түшүнүп жете элек. Негизи Бурулайдын окуясы башкаларга сабак болууга тийиш эле. Бирок кайра-кайра ала качуулардын бети ачылып жатышы жарандарда коркуу сезиминин жоктугун көрсөтүүдө. Мыйзам, тартип иштебеген жерде кылмыш эч качан тыйылган эмес, тыйылышы да күмөн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан