Депутат Айнуру Алтыбаева: "Парламентте Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамсыз же мыйзамдуубу деген маселе жок"

12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата премьер-министрдин отчётун уккан. Жыйынтыгында комитет өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген SUPER.KG порталынын соболуна КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.

Ал "Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн отчётуна баа бериши керек" деген талап регламентте жазылган эместигин белгиледи.

"Бүгүн Жогорку Кеңеште 2017-жылдын отчёту каралып жатат. Андан кийин өкмөттүн отчётуна баа берилет. Мындай же тигиндей баа берилет деп айта албайбыз. "Сапар Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамсыз же мыйзамдуубу" деген маселе жок. Өкмөттүн отчётуна 2017-жылы жасалган иштер боюнча баа берилет", - дейт Алтыбаева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Жыргалбек Турускулов, Исхак Масалиев жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан