12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген SUPER.KG порталынын соболуна "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
Шыкмаматов Сапар Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамдуу экенине токтолду. "Депутаттар Конституциялык укугун пайдаланып, Сапар Исаков "Кумтөр" боюнча тымызын келишим түзгөндүгү, кадр саясатындагы чабалдыгы үчүн ишеним көрсөтпөө процедурасы менен кызматтан кеткен. Ишеним көрсөтпөө процедурасы Конституцияда так жана даана көрсөтүлгөн. Ал эми учурда жалпы өкмөт курамынын отчёту каралып жатат. Ар бир өкмөт жыл сайын отчёт бериши керек", - дейт Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары: Айнуру Алтыбаева, Жыргалбек Турускулов, Исхак Масалиев жана экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.